Дүйнө

Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын дээрлик теңи айыкты

Кыргызстанда вирустун жайылышын алдын алуу максатында республикалык штаб түзүлүп, чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

 Кытайда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын 46 пайызы айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо мамлекеттик комитетине таянып РИА Новости жазды.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 78 824 адам болду. Анын 36 117си сакайган, бул жалпы сандын 45,8 пайызын түзөт. Ушу тапта ооруканаларда дагы 39 919 бейтап дарыланып жатат.Вирус жалпы жонунан 2788 адамдын өмүрүн алды.

Кыргызстанда вирустун жайылышын алдын алуу максатында республикалык штаб түзүлүп, чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Азыркы учурда Кытай, Түштүк Корея, Иран, Япония жана Италиядан келген жарандар 14 күндүк карантинден өтүүдө.

Булак
Sputnik Kyrgyzstan
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button