Ден-соолукДүйнө
Маанилүү

Кытайда чычкандардан адамдарга жуккан хантавирус пайда болду

Кытайда чычкандардан адамдарга жуккан хантавирус аныкталган бир кишинин каза болушу, жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) эпидемиясы пайда болгон өлкөдө жаңы жугуштуу оору кооптонуусуна алып келди.

Кытайдын расмий берүү органы Глобал Таймстын кабарларында өлкөнүн түштүк-батышындагы Юньнань провинциясында хантавирус аныкталган бир кишинин иш үчүн Шандонг облусуна саякат кылып бара жатканда автобуста көз жумганы маалымдалды.

Кабарда автобуста орун алган 31 кишиден дагы тест алынганы белгиленди.

Глобал Таймстын кабарынын артынан социалдык медиада жаңы жугуштуу оорунун пайда болгонунуна байланыштуу түрдүү пикирлер айтыла баштады.

Чычкандарга же чычкандын заарасы, түкүрүгү же заңына тийүү менен адамдарга жуккан хантавирустар, «Хантавирус Өпкө синдрому» (HPS) деген аталыштагы ооруну пайда кылат. Бирок, адамдан адамга жукпаган хантасирус эпидемия корунучун жаратпайт.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close