Дүйнө

Кытай вирус менен күрөшүүгө 4 миллиард доллар каражат бөлдү

Кытайдын каржы мекемелери коронавирус менен күрөшүүгө болжол менен 4 миллиард долларга жакын каражат бөлдү. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Каржы министрлиги жалпыга маалымдоо кражаттарына билдирген.

Соңку маалыматтарга ылайык, Кытайда коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 170ге жетти. Ал эми илдетти 7 миңден ашуун адам жуктуруп алган. Вирус Гонконг, Тайвань, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда тараган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button