Ден-соолукДүйнөКоом

Кытай коронавируска каршы дарыны тапканын билдирди

Кытай бийлиги коронавируска каршы вакцинаны түзгөнүн жарыялады. Вакцина өзүн натыйжалуу көрсөтүүдө. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жаңы дары дары жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жаткан менен, аны дагы текшерип чыгуу жана жакшылап иштеп чыгуу керек. Ошондой эле, малярия каршы каражат катары көптөгөн жылдардан бери колдонулуп келе жаткан хлорохин фосфаты да коронавируска каршы күрөшүүдө өз натыйжалуулугун көрсөтүүдө.

Эске салсак, пневмонияга окшош оорунун тараганы тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айынын аягында белгилүү болгон. Вирус башка да өлкөлөргө тароодо, учурда Кытайдан башка дагы 27 өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган учурлар катталган. Кытайдын саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, 24-февралга караган убакка карата жалпысынан 79 миң 157 киши белгисиз коронавирусту жуктуруп алган. Ал эми мындан улам каза болгондордун саны 2470ке жеткен. Ошондой эле коронавирусту жуктуруп алган 23 миң 564 адам айыкканы айтылат.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button