Коом

“Кырк чоронун” курамы жаңыланат

Бул тууралуу “Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмесинин жетекчиси Замирбек Көчөрбаев өзүнүн расмий баракчасына жарыялады. Андагы маалыматта ушул жылдын 4-февралында “Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмесинин жыйыны боло турганы, жыйында “Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмесинин жаңы толуктоолор, өзгөртүүлөр кирген ички жобосуна ылайык, 40 жаштан жогорку өкүлдөрүнүн орду Россия, Корея, Түркиядан келген жаш мекендештердин жана дагы Кыргызстандагы жаш активистер менен толуктала турганы жазылган.

Учурда төрагалыкка үч талапкер сунушталып жатканын да кошумчалаган.

Толугу менен
Back to top button