Экономика
Маанилүү

Кыргызстандан 11 товарды сыртка ташууга тыюу салынды

Кыргызстандан товарлардын 11 түрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун бүгүн, 23-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Үчүнчү өлкөлөргө сатууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган товарлардын тизмеси:

– буудай жана меслин
– буудай уну
– өсүмдүк майы
– күрүч
– кесменин түрлөрү
– кумшекер
– тоок жумурткасы
– тамак-аш үчүн йоддолгон туз
– тоют (чөп, саман, комбикорм, улпак жана дан тоюту)
– салфеткалар жана башка бактерияга каршы каражаттар.
– дезинфекциялоочу каражаттар.

«Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мыйзамсыз экспортту жоюуга багытталган зарыл чараларды көрүүдө», – деп айтылат маалыматта.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close