КоомӨкмөт

Кыргызстандагы эң мыкты ички иштер органдары кайсылар?

Кыргызстандагы эң мыкты ички иштер органдары аныкталды. Алар 2019-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы менен тандалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин коллегиясынын бүгүн, 31-январдагы экинчи бөлүгүндө министр — милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев «Кесиби боюнча мыкты» наамына татыктуу болгон милиция кызматкерлерин да сыйлаган.

Ички иштер министри сыйлаган мыкты милиционерлер (тизме, сүрөт)

«Мыкты ички иштер органдары» сынагынын жеңүүчүлөрү:

– 1-орунду ээлеген Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы ИИМдин өтмө туусу, сыйлык тасма, атайын вымпел жана компьютер менен сыйланды.

– 2-орунду алган Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы сыйлык тасма, атайын вымпел жана ноутбук менен сыйланды.

– 3-орунга чыккан Ош облусунун ички иштер башкармалыгы сыйлык тасма, атайын вымпел жана түстүү сыналгы менен сыйланды.

Бул сынакка 7 облус жана Бишкек, Ош шаарларындагы ички иштер органдары катышкан.

Булак
Barakelde
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button