Ден-соолукКоом
Маанилүү

Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды

Бүгүн Республикалык штабда Саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берди.

2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды. Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:

  • Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада
  • Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында
  • Ноокат аймактык ооруканасында
  • Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында
  • Баткен облустук бириккен ооруканасында
  • Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.
  • Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды;
6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды;
14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды;
Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button