Коом

Кыргызстанда түгөйлөр үйлөнгөн жерге барып нике каттоо токтотулду

Өкмөттүн токтомунун негизинде Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды айрым бир суроо-өтүнүчтөрү боюнча тейлебей турган болду.

Кыргызстанда коронавирустан улам үйлөнүп жаткандарга барып никесин каттоо убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Мурда алдын ала буюртма болсо ЗАГС кызматкери үлпөт боло турган жерге (ресторан же үй) барып, жаштардын никесин акчага каттап кетчү.

Эми өкмөттүн жаңы чыккан токтомунан улам мындай кызмат көрсөтүлбөй калды.

Мамлекеттик каттоо кызматынан учурда үйлөнүп жаткан беш түгөй мындай жөрөлгөдөн баш тартканын кабарлады.

Ведомстводон 1-марттан тарта Бакыт өргөсүндө 196 түгөйдүн никеси каттала тургандыгын билдиришти. Алардын 87си салтанаттуу, ал эми алтоо жөнөкөй шартта жасалары айтылды.

Булак
Sputnik Kyrgyzstan
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button