КоомОкуялар
Маанилүү

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат

Бүгүн, 10-январда саат 08:00дө Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Ошондой эле бүгүн өлкөнү башкаруу формасын (президенттик же парламенттик) аныктоо үчүн референдум да болот. Шайлоо тилкелери саат 20:00дө жабылат.

Бул жолу Борбордук шайлоо комиссиясы 17 талапкерди каттады.

Талапкерлердин тизмеси
Өлкөнүн аймагында 2474 шайлоо тилкеси ачылып, шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 млн 563 миң 574 жаран катталган. Чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси уюштурулуп, 49 миң 479 шайлоочу катталды.

Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында президенттик шайлоо 7 жолу өтүп, бир ирет референдум аркылуу өткөөл мезгилдеги президент дайындалган.

Көз карандысыз Кыргызстандын президенти болуп шайлангандар:

  • Аскар Акаев (1991-1995-2000-жылдары);
  • Курманбек Бакиев (2005-2009-жылдары);
    Алмазбек Атамбаев (2011-жылы);
  • Сооронбай Жээнбеков (2017-жылы);
  • Ал эми Роза Отунбаева 2010-жылы референдумдун жыйынтыгы менен президент болгон.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт