Ден-соолукКоом
Маанилүү

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын санынын артышы 20-24-апрелге туура келет деп болжолдонууда

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын санынын артышы 20-24-апрелге туура келет деп болжолдонууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги медициналык окуу жайдын мугалимдеринен жана эксперттерден турган божомол жүргүзүү боюнча топ түзүп, алар дүйнөдөгү абалды жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды байкоого алышууда.

“Божомолдоо – жакшы эмес. Бирок Саламаттык сактоо министрлигинде башынан эле божомолдук топ түзүлгөн, анын курамына алдыӊкы адистер, илимий-изилдөө бөлүмдөрүнүн жана академиялык мекемелердин окумуштуулары кирген. Дүйнө жүзү боюнча пандемиянын эпидемиялык көрсөткүчтөрү туруктуу түрдө каралып жатат. Биздин өлкөдөгү абалды божомолдоого бардык күч-аракеттерибизди жумшап жатабыз, эксперттик топтун акыркы тыянактарына ылайык, оорунун жогорку чеги 20-апрелден 24-апрелге чейин деп күтүлүп жатат. Буга эртерээк жетип, өтүп кетсек дейм, анткени андан ары сөзсүз түрдө төмөндөө болот. Бул оорунун алдын алууга өтүүгө көмөктөшөт, ал эми биздин жарандар азыр бардык чектөөлөрдү так сакташы зарыл, бул соӊку максатка таасирин тийгизет – коронавирус инфекциясын жугузуп алуу фактыларын жана механизмин үзүү”, — деп билдирди саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-апрелге карата коронавирус жуктурган 11 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 430га жетет. Алардын ичинен 71 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт