Ден-соолук

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар 37 адамга жетти. Жалпы саны 1936

Бүгүн, 5-июнга карата Кыргызстанда дагы 37 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы бейтаптар Бишкек, Ош шаарында жана Нарын, Ош, Чүй, Ысык-Көл, Баткен облусунда катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1936 адамга жетти. Акыркы суткада 48 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 14 адам;

— Нарын облусунда 6 адам;

— Ош облусунда 5 адам;

— Ош шаарында 1 адам;

— Ысык-Көл облусунда 3 адам;

— Чүй облусунда 7 адам;

— Баткен облусунда 1 адам.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close