БийликӨкмөт

Кыргызстанда коронавирус катталды. Саламаттыкты сактоо министри дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 18-мартта өкмөттөгү брифингде кыргызстандык жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктурган 3 учур катталды.

«Жарандар дүрбөлөңгө түшпөшү керек. Эгер чет өлкөдөн келсеңиз, дарыгерге кайрылыңыз. Дарыгерлердин өзүнүн иш-аракеттер алгоритми бар», – деди министр.

Ал жарандарды үйдөн чыкпоого, эл көп топтолгон жерлерге барбоого жана колду самындап жууп турууга чакырды.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close