Ден-соолукКоом

Кыргызстанда карантиндеги адамдар электрондук каттоого алынат

Мамлекеттик каттоо кызматы менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети биргеликте коронавирус боюнча карантинде жаткан жарандардын электрондук каттоосун түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Өз кезегинде Мамлекеттик каттоо кызматы коронавирус боюнча анализдердин жыйынтыктарын каттап жаткан Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториясына 20 ноутбук берди.

«Ошондой эле маалыматтык система аркылуу арыздарды кабыл алуу жана электрондук өткөрмө кагаздарды берүү үчүн Бишкек шаарынын комендатурасына 25 ноутбук тапшырылды. Жогоруда көрсөтүлгөн системаларды Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы IT штаб иштеп чыкты, анализдердин маалыматтарын киргизүү үчүн «Инфоком» мамлекеттик ишканасынан 20 оператор тартылды», — деп айтылат маалыматта.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт