КоомОкуялар
Маанилүү

Кыргызстанда күн сайын 113 адам каза болот

Учурда Кыргызстандагы калктын саны болжолдуу 6 399 518 адамды түзөт. Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда жылына 30 миңдин тегерегинде адам көз жумат. Ошондо күн сайын орточо эсеп менен 113 адам каза болуп турат.

Улуттук Статистикалык комитети 2019-жылды унутуп калган окшойт. Аталган комитеттин сайтындагы берилген статистикада 2018-жылга чейинки кана көрсөткүчтөр берилген.

2018-жылга чейин канча киши каза болгон?

Төмөндө Улуттук статистика комитетинин маалыматын келтиребиз:

2014 2015 2016 2017 2018
Бардык себептерден улам өлгөндөрдүн бардыгы 35 564 34 808 33 475 33 166 32 989
айрым жугуштуу жана мите оорулары 908 881 783 801 738
шишик оорулары 3 754 3 841 3 919 3 856 4 147
кан, канды пайда кылуучу органдарынын оорулары жана иммун механизмине тартылган айрым бузулуулар 45 45 36 27 33
эндокриндик системасынын оорулары, тамак сиңирүүнүн жана зат алмашуунун бузулушу 444 393 443 440 485
психиканын жана жүрүм-турумдун бузулушу 48 44 41 46 48
нерв системасынын оорулары 552 514 531 480 463
кулак жана чыкый сөөгүнүн оорулары 1 1
кан айлануу системасынын оорулары 17 913 17 695 17 006 17 105 16 803
дем алуу органдарынын оорулары 2 193 1 839 2 003 1 905 1 764
тамак сиңирүү органдарынын оорулары 2 338 2 294 2 128 2 094 2 095
теринин жана тери астындагы клетчатканын оорулары 13 16 11 14 17
сөөк-булчуң системасынын жана бириктирүүчү ткандардын оорулары 90 84 74 75 62
заара-жыныс системаларынын оорулары 499 485 462 429 409
боюнда бар кездеги, төрөт учурундагы, төрөгөндөн кийинки мезгилдеги оорулар 81 63 48 49 49
перинаталдык мезгилде пайда болгон айрым абалдар 2 195 1 969 1 700 1 499 1 745
тубаса аномалия (өнүгүнүн кемтиги), деформациялар жана хромосомалык бузулуулар 589 600 607 548 514
башка рубрикаларда классификацияланбаган клиникалык жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында аныкталган симптомдор, белгилер жана нормадан четтеп кетүүлөр 794 935 907 948 1 042
жаракаттар, уулануулар жана тышкы себептердин таасир этүүсүнүн башка натыйжалары 3 107 3 110 2 776 2 849 2 575

 

Толугу менен
Back to top button