Экономика
Маанилүү

Кыргызстанда инвестициялардын келип түшүү агымы бир жарым эсеге кыскарды.

Маалыматка караганда, январь-сентябрда 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике инвестициялардын келип түшүү агымы 1,5 эсеге кыскарды.

Быйылкы жылдын тогуз айы ичинде алыскы чет өлкөлөрдөн (КМШ мамлекеттерин эсептебегенде) келген тике инвестициянын көлөмү тууралуу Улуттук статистика комитети маалымат жарыялады.

Ага ылайык, январь-сентябрда 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике инвестициялардын келип түшүү агымы 1,5 эсеге кыскарган.

Кайсы өлкөлөрдөн мурдагы жылга салыштырмалуу инвестиция аз келди:

  • Канада — 24,5 пайызга (кайра иштетүү өндүрүшү);
  • Улуу Британия — 3,3 эсеге (геологиялык чалгындоо);
  • Кытай — 1,9 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, геологиялык чалгындоо);

Ошол эле учурда бир катар өлкөлөрдөн келген инвестиициянын көлөмү тескерисинче жогорулады. Мисалы, Швейцария пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармактарына мурдагыдан 4 пайыз көбүрөөк каражат салды. Ал эми Түштүк Корея курулуш тармагына 2,1 эсеге көбүрөөк акча сарптады. Алардын катарында Түркия дагы бар, бул өлкө дагы курулушка мурдагы жылкы суммадан 8,7 пайызга көбүрөөк капитал жумшады.

Кыргызстанга келип түшкөн инвестициялардын басымдуу бөлүгү Кытайга (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 28,5 пайызы), Канадага (21,7 пайызы), Нидерландга (11,9 пайызы), Швейцарияга (7,1 пайызы), Түркияга (6,9 пайызы) жана Улуу Британияга (5,8 пайызы) туура келет.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт