Ден-соолукКоом

Кыргызстанда дагы эки кишиден коронавирус чыкты

Бул тууралуу 23-мартта Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдын басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, оору жуккан аял жана эркек Ноокат районунун 60 жаштагы тургундары болгон. Алар да умрага барып келген.

«Ноокат районунун тургундары – аял жана эркек, жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды. Бардык керектүү иш-аракеттер жүрүп жатат. Бул эки жаран менен байланышта болгон адамдар изделүүдө», – деди Акматова.

Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен ооругандар 16 кишиге жетти. Буга чейин бул вирус Сузак районунан сегиз, Ноокат районунан үч, Баткен районунан бир кишиге, Бишкек шаарынан эки кишиге жукканы кабарланган.

Кыргыз өкмөтү 22-марттан тартып өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизди. Бул режим бир айлык мөөнөткө уланат.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close