Ден-соолукКоом

Кыргызстанда дагы 74 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпы 1594

Бүгүн, 28-майга карата Кыргызстанда дагы 74 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы бейтаптар Бишкек, Ош шаарларында, Ош, Нарын жана Чүй облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1594 адамга жетти. Акыркы суткада 23 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 11 адам + Санкт-Петербургдан келген 10 адам;

— Ош облусунда 4 адам;

— Ош шаарында 35 адам;

— Нарын облусунда 13 адам;

— Чүй облусунда 1 адам.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт