Ден-соолук
Маанилүү

Кыргызстанда дагы 68 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпы 1662

Бүгүн, 29-майга карата Кыргызстанда дагы 68 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы бейтаптар Бишкек, Ош шаарларында, Нарын, Баткен жана Чүй облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1662 адамга жетти. Акыркы суткада 22 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 9 адам + Россиядан келген 26 аскер кызматкери;

— Ош шаарында 2 адам;

— Нарын облусунда 4 адам;

— Чүй облусунда 5 адам;

— Баткен облусунда 1 адам;

— Россиядан келген 21 адам (алардын ичинен 11 кош бойлуу аял, 10 студент).

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close