Ден-соолукКоом

Кыргызстанда дагы 5 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

Бүгүн, 10-апрелге карата Кыргызстанда дагы 18 адамдан коронавирус аныкталды, алардын ичинен бешөө медицина кызматкерлери. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 39 адамга жетти.

Алардын ичинен:

— Бишкек шаарында 8;

— Чүй облусунда 1;

— Ош облусунда 21;

— Жалал-Абад облусунда 8;

— Баткен облусунда 1 адам.

Кыргызстанда 298 адамдан коронавирус аныкталып, 5 бейтап көз жумду.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт