Ден-соолукКоом

Кыргызстанда дагы 314 адамдан коронавирус чыкты

Бүгүн, 6-июлга карата Кыргызстанда дагы 314 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 7691 адамга жетти.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 161 адам;

— Чүй облусунда 25 адам;

— Ош облусунда 26 адам;

— Ош шаарында 41 адам;

— Жалал-Абад облусунда 15 адам;

— Баткен облусунда 10 адам;

— Нарын облусунда 15 адам;

— Ысык-Көл облусунда 21 адам.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close