Ден-соолук

Кыргызстанда дагы 235 адамдан коронавирус аныкталды

Бүгүн, 28-июнга карата Кыргызстанда дагы 235 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 4748 адамга жетти. Акыркы суткада 30 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Айыккандардын жалпы саны 2242 адамды түздү.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 107 адам;

— Чүй облусунда 43 адам;

— Ош облусунда 9 адам;

— Ош шаарында 33 адам;

— Жалал-Абад облусунда 15 адам;

— Баткен облусунда 13 адам;

— Нарын облусунда 1 адам;

— Ысык-Көл облусунда 14 адам.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close