Ден-соолукКоом
Кыргызстанда дагы 14 адам коронавирус жуктурду. Жалпы саны — 1016

Бүгүн, 11-майга карата Кыргызстанда дагы 14 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы учурлар 1 шаарда жана 5 облуста катталды. Муну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 1016 адамга жетти. Ошондой эле акыркы суткада 13 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 6;
— Чүй облусунда 1;
— Ош облусунда 2;
— Баткен облусунда 1;
— Нарын облусунда 2;
— Ысык-Көл облусунда 2.