Кыргызстанда 307 адамга коронавирус жугуп, 5 адам көз жумду

Бүгүн, 10-октябрга карата Кыргызстандын аймагында дагы 307 адам коронавирус жана пневмония менен катталды. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, муну менен өлкөдө жалпы 48 миң 924 адамга коронавирус жуккан.
Жаңы катталгандар:
— Бишкек шаарында 53 адам;
— Ош шаарында 17 адам;
— Чүй облусунда 16 адам;
— Ош облусунда 69 адам;
— Талас облусунда 7 адам;
— Нарын облусунда 3 адам;
— Ысык-Көл облусунда 12 адам;
— Жалал-Абад облусунда 59 адам;
— Баткен облусунда 71 адам.
Акыркы сутка ичинде Кыгызстанда COVID-19 диагнозу аныкталган дагы 5 адам каза тапты. Алардын ичинен экөө Бишкек шаарында, үчөө Ош облусунда дарыланып жаткан.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, бүгүн, 10-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус жана пневмониянын кесепетинен жалпы 1082 адам көз жумду.