Ден-соолук

Кыргызстанда 279 адам коронавирус менен катталды

Бүгүн, 30-июнга карата Кыргызстанда дагы 279 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 5296 адамга жетти. Акыркы суткада 76 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Айыккандардын жалпы саны 2370 адамды түздү.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 182 адам;

— Чүй облусунда 36 адам;

— Ош облусунда 1 адам;

— Ош шаарында 1 адам;

— Жалал-Абад облусунда 7 адам;

— Баткен облусунда 9 адам;

— Нарын облусунда 10 адам;

— Ысык-Көл облусунда 18 адам;

— Талас облусунда 15 адам.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button