Экономика

Кыргызстан Түркмөнстан баштаган өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алат

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга караганда 1 миллиард куб метрге аз экендиги белгилүү. Адистер өлкөдө суунун тартыштыгы байкала баштаганын айтышууда.

Кыргызстан электр энергиясын импорттоо боюнча Түркмөнстан, Казакстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров билдирди.

Буга чейин энергохолдинг кызматкерлеринин бири Кыргызстан быйыл электр энергияны 1 миллиард киловатт-саатка чейин импорттоону пландап жаткандыгын айткан.

Назаров дагы муну ырастап, учурда Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын, эгер макулдашылса, электр энергиясы Өзбекстан аркылуу алынарын айтты.

Аталган мамлекеттерден жеткирүүнүн баасы жана көлөмү жөнүндө айтуу эрте экендиги белгиленди. Импортко суунун аздыгы себеп болуп жатканы кошумчаланды.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга караганда 1 миллиард куб метрге аз экендиги белгилүү. Адистер өлкөдө суунун тартыштыгы байкала баштаганын айтышууда.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close