БийликЖогорку Кеңеш

«Кыргызстан» фракциясын Нурдинов жетектеп калды

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери алмашып, Нурбек Алымбековдун ордуна Бейшеналы Нурдинов шайланды. Нурдинов «Азаттык» радиосуна анын талапкерлигин 18 депутаттын, 12си колдогонун билдирди.

«Алымбеков парламенттеги комитеттердин бирин жетектейт. Мыйзам боюнча бир эле маалда фракцияны да жетектей албайт экен. 12-мартта жыйын болгон жок, кол койдуруу менен тандалдым», — деди Нурдинов.

Фракцияда лидер алмашканы боюнча «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев комментарий бере элек. Паралментте «Кыргызстан» партиясы башкаруучу коалицияга кирет. Депутаттарынын саны боюнча (18 мандат) беш фракциянын ичинен үчүнчү орунда турат.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт