БийликӨкмөтПрезидент
Маанилүү

Кыргызстан өзгөчө абал режими узарышы мүмкүн

Боронов мындай чара эл арасында коронавирустун жайылышын болтурбоо менен шартталганын айтты. Реагенттин жоктугунан баштапкы анализдер тоңдурулуп коюлгандыгын белгилеген Боронов азыр алардын жыйынтыгы толук алынганын, ошого жараша оорунун саны да көбөйүп жатканын айтты. «Акыркы апталардын графигинин негизинде оорунун туу чокусуна жеттик деп айтуу али эрте экендигин” белгиледи.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө, уруксаты жок болсо жумушка барууга тыюу салынган.

13-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 419 адамга жукту, алардын бешөө каза тапты, 67 бейтап айыгып чыкты. 419 адамдын 79у медицина кызматкери.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт