Аналитика
Маанилүү

“Кыргызгаз” 1 долларга эмес, 46 миллион АКШ долларына сатылганбы?

Атамбаев “Кыргызгазды” кандай кызыкчылык менен 1 долларга сатты эле?

Экс-президент А. Атамбаевдин доорунда Кыргызстан өкмөтү менен Россиянын “Газпром” компаниясы 2014-жылы 10-апрелде кол койгон келишимге ылайык, “Кыргызгаз” компаниясы “Газпром” компаниясына  “символикалуу” түрдө деп бар болгону 1 долларга сатылып кеткени эсиңиздерде болсо керек.

Кыргызстан өкмөтү бул келишимди мамлекет түштүгүн газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана кошуна мамлекеттерге көз-карандылыктан чыгуу үчүн ишке ашырганын маалымдаган эле.

Эмнеге килтейген мамлекеттик ишкана сатылды эле?

Атамбаев убагында “Кыргызгазды” “Газпромго” сатып атканда “көгүлтүр отту” эми арзан баада ала турганыбызды айтып мактанган. “Бизге “Кыргызгаз” керекпи, же арзан газ керекпи?” деген суроону берип, анан ага жоопту да “арзан газ керек” деп өзү айтып койчу экенин унута элекпиз. Анда эмне үчүн биз “Кыргызгазды” “Газпромго” бергенибиз менен ЕАЭСтин курамындагы башка өлкөлөр сыяктуу Россиядан газды арзан баада ала албайбыз?

Ачык мисал келтирели, ошол эле ЕАЭСтин курамындагы Белоруссия газдын 1000 кубун Россиядан 120 доллардан алат. Ал эми Кыргызстан 216 доллардан. Айырма эки эсеге жакын.

Экинчиден, жаратылыш газы бизге Россиядан түз газ түтүгү аркылуу келбейт. Себеби, анда түз келген газ түтүгү жок. Биз “Газпромдон” алып атабыз деген газды, Өзбекстан, Казакстандан алып атабыз. Демек, “Газпром” Кыргызстанга газ жеткирүү үчүн Өзбекстан, Казакстан менен келишим түзөт жана алардын да кызмат көрсөтүүлөрү кошулуп, бизге үстөк баа менен келет.

Анда Орусияны ортомчу кылбай эле Өзбекстан жана Казакстан менен түз келишим түзсөк болбойт беле? Акылыбызды иштеткенде, азыркы баасына алдаканча арзан баада келет беле…

Эмне үчүн Газпром “Кыргызгазды” сатып алууга кызыктар болду?

Мунун негизги эки себеби болгон:

  1. Россиянын саясий (геосаясий) кызыкчылыгы
  2. Газпромдун экономикалык кызыкчылыгы.

1. Орусиянын саясий (геосаясий) кызыкчылыгы

СССР кулагандан кийин анын мураскору Россия өлкөбүздө өз таасирин сактап калууга жандалбастап аракетин кылып келет. Буга байланыштуу ал саясий (КМШ), экономикалык (ЭАЭС, бажы союзу), аскерий (ЖККУ) ж.б.у.с ар кандай уюмдарды түзгөн. Бир эле Кыргызстан эмес, КМШга кирген өлкөлөрдүн саясатына түздөн-түз кийлигишип, аңтар-теңтер кылган учурлары көп эле болгон. Акыркы жылдары Орусия алдан тайып баратканын байкаган.

Мисалы: Мурун Орусиянын саясий башкаруусунда болуп келген Грузияны колдон чыгарып Кавказдагы аброюн жоготту. Андан көп өтпөй Өзбекстан да колун үзүп, Орусиянын Орто Азиядагы экинчи колу кайрылып калган. Акыркы айларда Мирзиёевдин ЭАЭСке кирүүдөн ачык  эле баш тартканы буга мисал болуп бере алат. Эң негизгиси болсо, Украина маселеси орустардын дүйнөлүк аренада таасиринин алсыздап бара жатканын ачыктан ачык далилдеп койгон. Себеби буга чейин Украин Россиянын саясий таасири астында “кыңк эттирилбей” башкарылып келген. Украинанын Батышты карай жүз бурушу, АКШнын Орусиянын “огородунан” жер талашып жаткандыгы дегени эле.

Дал ушул сышул сыяктуу  Өзбекстандын Пентагон менен мамилесин күчөтүүсү да орустардын тынчын алат. Ал тургай кооптондурат. Ошондуктан ага Кыргызстан аркылуу басым өткөрүү үчүн, Кыргызстанды толук түрдө башкарууга өттү. Мисалы ГЭСтерди куруу менен Өзбекстанга суу проблемасын жаратат. Ал эми бул иштерге “Кыргызгаздын” дагы бирден бир байланышы газ өлкөбүздүн стратегиялык тармагы болгондуктан, аны алуу менен биздин бийликти каалагандай чөгөлөтүп, каалаган ишин жасатып, каалагандай калчай алат.

Андан сырткары, Кыргызстандагы газ запастарына толук кожоюн болгону Россия Өзбекстан газын өзү үчүн арзан сырьё катары пайдаланууну көздөгөн. Бирок, Өзбекстан ага мындай мүмкүнчүлүктү бербей келатат.

Мисалы, Армения мамлекетинин да газ тармагы толугу менен Газпромго таандык. 2014-2015-жылдарда Армения “Евробиримдикке” кошулууга аракет кылды, Орусия дароо газды кымбаттатарын айтып, Арменияны бул кадамынан баш тарттырганга жетишкен. Келечекте Кыргызстанда да ушуга окшогон абалдарда “газ кымбаттабайт” деп эч ким кепилдик бере албайт. Биздин өлкөдө бааны “ал белгилегендиктен”, баа ар дайым анын кызыкчылыгын камсыздаган баада коюлат.

2. Газпромдун экономикалык кызыкчылыгы.

Газпромду жеке компания катары эле эмес, Россиянын эң ири куралы катары да кабылдоо керек. Бул компания дүйнөдөгү ири компаниялардын катарына кирет жана эң узун газ куурларына ээлик кылат. Анын  ичинде 160 миң кмден ашык, жылына  495,6 млрд м3 куб  ашык жаратылыш газын экспорттойт. Аталган компанияга “Forbes” журналы 2013-жылы бул тармактагы эң кирешелүү компания наамын берген. Ошондуктан мындай чоң компанияга  800 млн куб м эле керектөөсү бар болгон Кыргызстанда ашынган экономикалык кызыкчылыгы болгон эмес. Жогоруда айтканыбыздай алардын негизги кызыкчылыгы саясий, бирок ошол эле учурда, ал экономикалык жактан да уттурбайт, тескерисинче, ал эселеп пайда көрөт.

Буга чейин Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстандын көзүн карап келген болсо, эми тикелей эле Орусиянын көзүн карай турган болгон. Эсиңиздерде болсо, Кыргызгаз сатылгандан 2 күн өтпөй эле Өзбекстан газ берүүсүн токтотуп, Кыргызстандын түштүгү 4 ай газсыз калганы азыр да оштуктардын эсинен кете элек.

“Кыргызгазды” сатуу операциясынын башында турган Турганбек эмнеге камалбайт?

Ошол убактагы ажо Атамбаев “Кыргызгазды” символикалуу түрдө 1 долларга сатып жиберген. Аны өзүнүн деңгээлиндеги эле баага сатса болбойт беле? Болот болчу. Же болбосо, өзүбүз эле тийиштүү деңгээлде иштетсек кандай болмок? Ал үчүн “Кыргызгазды” коррупциядан арылтып, олчойгон карызга батырган чиновниктерди, тагыраагы Тургунбек Калмурзаевди жоопкерчиликке тартыш керек эле.

Тилекке каршы, “Кыргызгазды” жетектеген Тургунбек Кулмурзаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну мындай кой, анын атын эстеген эч ким жок. Кулмурзаев “Кыргызгазды” жетектеп турган соңку эки жыл аралыгында 120 миллиондон ашуун сомдук газды мыйзамсыз чыгыштаган фактыны эсептөө палатасы таап чыккан.

Анысы аз келгенсип, Баткендеги 25 чакырымдан ашуун эски газ түтүктөрүн Казакстанга сатып жиберген ишти текшерүүнү парламент прокуратурага тапшырган болчу. Бирок Башкы прокуратура кылмыш иши козголо электигин айтып, иликтөөнүн жыйынтыгы өкмөткө берилгенин жарыялоо менен чектелген.

Тургунбек Кулмурзаев бул иш боюнча мындай жооп берген:

 Биз “Кыргызгаздан” отуз жылдан бери турган ал газ түтүктөрүн чыгарып, анан сатып жатабыз. Бул иш былтыр эле башталган. “Кыргызгазды” Орусия сатып алат деп күтүп отура бербестен, мына ошол пайдаланылбай калган түтүктөрдү сатуу менен карызды жоё берели дегенбиз. Негизи өзү карыздан кутулуу керек да. “Газпром” деле “ырас кылыпсыңар, карыздан кутулуп коюпсуңар” дейт да. Жаман болмок беле. Мына ошол эски түтүктөр казактарга керек экен. Аларга сатып, карыздан кутулуп жатабыз.

Кулмырзаевдин куулугу мына ушунда, пайдалануудан калган газ түтүктөрүн сатуу менен сырткы карыздын кайсы бир бөлүгүн жабабыз деген чечимин кууш көчүгүн тазалоону максат кылганында болгон. Анткени “Кыргызгазды” сатуу боюнча келишимде анын ички-тышкы карыздарын төлөөнү орусиялык “Газпром” өзүнө алган. Ошондуктан анын наркы символикалык түрдө бир долларга бааланган. Мында эски газ түтүктөрүн сатуу менен Казакстанга болгон карызды жоюу зарылчылыгы болгон эмес. Газ түтүктөрүн жөн эле жең ичинен сатууга аракеттенип, анан ал байкалып калганда, “газга болгон карыз үчүн Казакстанга бермекпиз” деп жанын жеген.

Ошол учурда Кулмурзаевдин жоопко тартылбай жатышы, анын ошол убактагы президент Атамбаев менен жакын мамиледе болгону негизги себептерден бири эле. Анткени прокуратура президентке көз каранды болсо анан кандай чечим чыгармак? Кулмурзаев Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири болгону үчүн аны 2010-жылы “Кыргызгазга” жетекчи кылып дайындап, ошол боюнча ишкана сатылганга чейин ордунан жылдырган жок. Демек, ал жерге жакын адамын коюш керек болгон. Ошондой чоң коргоочусу болгон үчүн Кулмурзаев эч кимди тоготпой, ага карата толтура материал болгону менен баары бир иш козгой алышкан эмес.

Чынында “Кыргызгаз” 1 долларга эмес, 46 миллион АКШ долларына сатылган!

Бирок Атамбаевдик доор бүтүп, Жээнбековдун доору башталганы качан. Өкмөттө бюджет “таңкыстыгы” байкалып, акчаны кайдан аларын билбей ары-бери буйдалып туру. “Коррупция менен мына мен күрөшөм” деп төш каккылаган президент Кулмырзаевден “сен жетектеген үч жылда элүү миллион доллар карыз каяктан пайда болду?” деп сураганга “духу” жетпейби?

Балким, тиешелүү органдар мына ушул “Кыргызгаздын” “Газпромго” сатылышы боюнча да иликтөөлөрдү жасап көргөндөрү туура болор.

 

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button