КоомОкуялар
Маанилүү

“Кыргыз Темир жолунун” жетекчилиги алмашат. Дашковдун ордуна ким келет?

“Кыргыз Темир жолу Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги алмашат. Бул тууралуу өздүк булактардан маалым болду.

Андагы кабарларга караганда, жакын арада аталган ишкананын башчысы Василий Дашков кызматынан алынып, анын ордуна мурда ушул тармакта кыска убакытта иштеп кеткен Аскат Молдобаев аттуу ишкер дайындалат.

Эске сала кетсек, Аскат Молдобаев көп жылдар бою “Кыргызжилкоммунсоюз”ишканасын жетектеген Кеңешбай Молдобаевдин уулу.

Ачык булактарда К. Молдобаев учурунда азыркы КРнын Президенти Садыр Жапаров менен соттошкону, ал кездеги ЖКнын депутаты С, Жапаровду “ишканага жана жетекчиликке далилсиз күнөөлөрдү коет” деп айыптаганы боюнча макалаларды көрүүгө болот.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт