Окуялар

“Кыргыз темир жолу” ишканасынан акча чыгарып кетүү боюнча коррупциядык схема аныкталды

“Кыргыз темир жолу” мамлекттик ишканасынын ишинде мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан билдиришкендей, “Кыргыз темир жолу” ишканасынан акча чыгарып кетүү боюнча коррупциядык схема аныкталган.

“Мамлекеттик ишкананын жооптуу адамдары көзөмөлүндө болгон чарба субъекттеринин катышуусу менен жогору баада мамлекеттик сатып алууларды уюштурган туруктуу схема аныкталган. Ал чарба субъекттери түзүлгөн келишимдин өлчөмүнөн 15%ын ишкананын мурдагы жетекчилигине берип турган. Соттук өндүрүштүн алкагында белгиленген соттук экспертиза жана Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыгына ылайык айрым мамлекеттик сатып алуулар боюнча гана мамлекетке бир топ материалдык зыян келтирилгени аныкталган”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кылмыш кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоого шектелип 4 адам кармалган. Алардын арасында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын учурдагы жана мурдагы жооптуу адамдары, камсыз кылуучу компаниянын бир өкүлү бар.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close