Аналитика
Маанилүү

«Кыргыз Темир Жолу» «Кыргызгаздын» тагдырын кайталайбы?

Бүгүнкү күндө «Кыргыз темир жолу» жыл сайын 7 миллион жүк ташыйт. Ишканада 5 миңдей адам эмгектенет. «Кыргыз темир жолу» таза кирешеси боюнча мамлекеттик ишканалардын арасында алдыңкы саптарда болуп келген. Расмий маалымат боюнча, соңку жылдары “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын кирешеси кескин түрдө азайып жатат. Мисалы, 2018-жылы «Кыргыз темир жолу» 514 млн сом кирешеси тапкан, 2016-жылы 500 миллион сомго жакын каражат түшкөн. 2015-жылы болсо 700 миллионго жакын болчу, ал эми 2014-жылы 1 миллиард 200 миллион сомдон ашкан эле.

Ал ортодо бир катар айрым жарандар ишканадагы акыркы кадрдык алмашууларды, аягы үзүлбөй келе жаткан жемкорлукту, ишканадагы башаламдыктардын баары геосий масштабдагы чоң фигуралардын көрсөтмөсү менен жүрүп жатканын кыйытууда. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Орусияга сатылат деген пикирлер былтыр 28-март күнү Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз өлкөсүнө келеринен мурда айтыла баштаган. Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон державанын ажосу менен Сооронбай Жээнбековдун Бишкекте жолугушуусунда өлкөнүн эгемендүүлүк маселесин күн тартибине чыгара турган чечимдерге кол коюлушу мүмкүн деген талкууга жем таштаган.

Айрым эксперттер «Кыргыз темир жолу» ишканасы Орусиянын карамагына өтүп кеткени бул темир жолдун курулушу Кыргызстанды транспорттук туңгуюкка кириптер кылып, Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын көп векторлуу деп атап, иш жүзүндө Орусияга жана Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттерине ыктап жашап келе жатканын бышыктайт деп айтып келишет.

“Кыргызгаз” 1 долларга эмес, 46 миллион АКШ долларына сатылганбы?

Жарандык активист Адил Турдукулов бул маселе боюнча бийлик жарандардын маанайын байкап иш кылып жатат деген пикирин айткан:

 «Кыргыз темир жолун» акционердик башкарууга берип, кийин сатуу боюнча демилге көтөрүлүп жатканы ачык эле айтылып жатат. Бул маселеде Орусия экономикалык пайдадан да геосаясий кызыкчылыктарды жогору коюп жаткандай. Себеби Борбор Азияга таасир этиш үчүн мурун Батыш менен тирешүү болсо, акыркы кезде бул аймактагы Кытайдын таасиринен чочулап, ага каршы туруу саясаты болуп жатат.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу эмнеге кечиктирилип жатат?

Кытай дээрлик 20 жылдан бери «Бир алкак — бир жол» программасынын алкагында жаңы эл аралык транспорттук коридорду иштеп чыгып, ишке ашыруу демилгесин көтөрүп келе жатат. Бул темир жол үч өлкөдөн өтүп, транзиттик мааниге ээ болот. Өлкөдөгү темир жол ар бир аймакты камтыбагандыгы, жаңы жолдордун жоктугу экспорт кылуу үчүн товарларды ташууда кыйынчылык жаратып келет. Темир жол менен адам, жүк ташуу автоунаа менен ташуудан алда канча арзан. Өлкөдө 90 пайыздан ашык жүк ташуулар автоунаа менен ишке ашат. Коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстандагы темир жолдорунда СССР тарагандан бери көрүнүктүү жылыш болгон эмес.

Бул темир жол салынып калса бир канча өлкөнүн соода-экономикалык катышы кескин өсөт. Кытай, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Түркия жана андан ары Европага өтүп кетет. Экономикалык жактан караганда, бул жол Кытай менен Өзбекстан үчүн көбүрөөк пайдалуу, бирок геосаясатты камтыган жолдо Орусия да катышкысы келет.

Албетте, бул темир жолду салууда миллиарддаган каражат керектелет. Мындай сумма Кыргызстанда жок. Ал эми Орусия болсо Кыргыздын бул абалын алаканга салгандай көрүп турат.

5-июнда Кытайдын Гансу провинциясынан Ташкентке багыт алган контейнер жүктөлгөн поезд жолго чыккан. Поезд Кашкарга чейин келет. Кыргызстандын Эркечтам бажы бекетинен Ошко чейин поезддеги жүктөр автоунаа менен жеткирилет. Оштон Ташкентке чейин жүк кайрадан поезд менен ташылат. Ташкенттен Гансу провинциясына да кайрадан жүк же товар алып келинет.
Бул багыттагы поезддин жолго чыгуусу менен Кытай Казахстан, Россияга кирбей туруп, Европага багыт алган жаңы жолдун ишке киргенин жарыялады. Бул багыттагы темир жолдун экинчи этабында Гансудан чыккан жүк Ташкенден кийин Түркмөнстан-Каспий аркылуу Стамбулга жана Европага барат.
Гансудан Ташкентке чейинки жол Казахстандын Хоргосу аркылуу каттаганга караганда 295 чакырымга жакын жана беш күнгө тез жетери аныкталган.
Кытай менен Өзбекстан жүктү өз аймактары аркылуу поезд менен ташып жатат. Ал эми, Кыргызстанга келгенде гана автоунаага салынат. Кыязы, кыргыз бийлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча чечимди кечиктирип жатат. Ага чыдабаган Кытай менен Өзбекстан өздөрүнө эң ыңгайлуу (анткени эң жакын) темир жол аркылуу ары-бери товар ташууну жолго коюп алышты.

«Кыргызга «Кыргызгаз» эмес, газ керек» деп стратегиялык маанидеги ишкананы Орусияга бир долларга өткөрүп берди. Кытай курганы жаткан Европага жол ачкан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунан баш тартты. Бул жол Кыргызстанга жылына 100 млн. доллар акча берип турары айтылып жаткан. Анткени аны Орусия каалабады. Орусия Кыргызстанга башка жол ачылып көз каранды болбой калышынан коркту. — Сапар Орозбаков

«Кыргыз Темир Жолу» «Кыргызгаздын» тагдырын кайталайбы?

Орусия президентинин Кыргызстанга болгон акыркы сапарында эң негизги маселе катары Кытай – Кыргызстан – Өзбекстанды аралап өткөн темир жолду куруу маселеси талкууланган жана бир катар маанилүү документтерге кол коюлганы маалым.  Ал эмес, ага чейин эле 2018-жылы ноябрь айында Бишкекте Жээнбеков Орусиянын башкы темир жол ишканасы “РЖДнын” жетекчиси Олег Белозеров менен жолукканы белгилүү.

Ал эми “РЖД” өткөн жылы октябрь айында эки долбоорго багыт коюлуп жаткандыгын айткан. Алардын бири Кыргызстандагы темир жолдорун модернизациялоо жана куруу деп билдиришкен эле. Бул үчүн техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып жаткандыгы кабарланган.

Бул ири долбоорду ишке ашырууга “Кыргыз темир жолунун” алы жетпейт, ал эмес, бул ишкананын ичиндеги коррупциялык иштерди жоё албай жаткандагы чуулар бир канча убакыттан бери токтобой келе жатат. Темир жол эмес, жөнөкөй жолду араң куруп жаткан мамлекет ири долбоорду ишке ашыруусу күмөн жаратат. Демек, “Кыргызгаздын” сценарийин улай “Кыргыз темир жолу” “РЖДнын” курамына кирип кетүүсү мүмкүн деген чочулоолор негиздүү.

СССР ИИМинде, КР ИИМинде кызмат өтөп, андан кийин «Кыргыз темир жолуна» келип кызматтык секирик жасаган Василий Дашковдун бул ишканага жетекчи болуп келиши чоң суроо жаратат. Дашковдон башка темир жолдо репутациясы таза толтура мыкты,  чыныгы темир жолчулар бар экени айтылган.

Кезинде 2013-жылы “Кыргызгаз” ишканасы карыздары менен кошо 1 долларга “Газпромго” сатылган. Бул макулдашуу менен Кыргыз өлкөсүнүн аймагына Орусиядан жаратылыш газы жеткирилип, баасы арзан болору күтүлгөн. Бирок учурда газдын баасы байкаларлык арзандап кетпегенине күбө болуп жатабыз.

Акыркы 3 жылдагы эле бул ишканадагы болуп жаткан иштерди тизмектеп көрөлү:

2017-жыл

  • Жылдын башында “Кыргыз темир жолу” ишканасы 11 автоунааны оңдотуу үчүн 7 миллион сомго тендер жарыялаганы интернет форумда сынга кабылган. Анда “Кыргыз темир жолу” ишканасы 325 миң сомго оңдотобуз деген Nissan March автоунаасынын 2004-жылы чыкканы орто эсеп менен 170 миң сом турат. Ал эми 163 миң сомго оңдотобуз деген 1992-жылы чыккан Audi 100 автоунаасын 150 миң сомдун тегерегинде алса болору айтылган.
  • Февраль айында эле февраль айында Эсеп палатасы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында ири каржылык мыйзам бузуу болгонун аныктап чыккан. Анда бюджетте каралбаса деле ишкана 33 миллиондой сомду демөөрчүлүк жардамга короткону, “Локомотив” спорттук ден соолукту чыңдоочу борборунун чыгашасы 24 миллион сомдон ашканы айтылган.
  • Март айында «Кыргыз темир жолу» ишканасы  435 миллион сомдук тендер жарыялаган. Ишкана жүк ташый турган 12-132 үлгүсүндөгү 150 вагон сатып алганы борюнча коррупцияга жол берилген. “Кыргыз темир жолу” Казакстандан 150 вагон сатып алыш үчүн Орус-кыргыз фондунан 8 млн. 380 миң доллар насыя алганы менен вагондор мөөнөтүнөн дээрлик жарым жылга кечигип, вагондордо айрымдарында дефект бар экени, талапка жооп бербей тургандыгы аныкталган.
  • Март айында «Кыргыз темир жолу» Өзбекстандын Кыргызстанга болгон 137 млн. сом карызын кечкени жөнүндө коомчулукта сын-пикирлер айтылган. Бул маселе ЖКда да көтөрүлгөн.
  • Май айында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Бишкек-Москва каттамындагы бир нече поезд коштоочулар мекеменин жетекчилери рейске билетсиз жүргүнчүлөрдү салып жатканын айтып чыгышты. Алардын сөзүнө караганда, кассада «Москвага билет 14 миң сом» деп турганы менен жетекчилери ортомчулар менен сүйлөшүп, билетсиз жүргүнчүлөрдү эки эсе арзан баа менен поездге салышат. Ошондой эле Бишкек-Москва рейсинин «Азаттыкка» кайрылган поезд коштоочулары «билетсиз жүргүнчү салмай Казакстан менен Орусиянын станцияларында да улантылат» дешет. Арызданган коштоочулардын бири Бурул Кыргызбаева «Бишкектен Москвага жөнөгөн бир рейсте билетсиз жүргөндөр адамдардын саны орто эсеп менен 50дөн 200гө чейин, айрым учурда 400гө чейин жетет» деп кайрылышкан.
  • Ишкананын жетекчиси Алмазбек Ногойбаевдин кызы кызы Асел Ногойбаева «Инвесттранслогистик» фирмасы аркылуу мекемеге тиешелүү жерге мейманкана куруп, иштетип жатканын айтылган.
  • 2017-жылдын май айында Коопсуздук кеңеши «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында 4 коррупциялык зона жана 19 тобокелдик бар экенин аныктап чыккан. Ишкана боюнча анализ жасалып, натыйжада, бюджетти түзүү жана аткарууда, мүлктү жана ресурстарды колдонууда, кадр саясатында жемкорлук бар деген жыйынтык чыгарылган. Мындан тышкары курулуш иштеринин баасын жогору көрсөтүү, ижарага берүү, филиалдарга макамдын негизсиз ыйгарылышы сыяктуу маселелер да көтөрүлгөн.
  • Жарандык активисттер «Кыргыз Темир Жолу» Мамлекеттик ишканасын эң коррупцияга малынганын айтып өкмөткө жана президентке бир катар сын пикирлерди айтып келишкен. Ошондой эле, президенттин коррупция менен күрөшөм деген сөзүн эскертип,  бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттен да көтөргөн.

2018-жыл

    • 14-март күнү Журналист Уланбек Эгизбаев «Темир жолдогу жемкорлук» деген аталыш менен өз иликтөөсүн жарыялаган. Анда “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемалар иликтенген. Ишкана директору Алмазбек Ногойбаевдин кызы темир жолго таандык жерге мейманкана курган жана курулуш иштерин “Кыргыз темир жолунун” алдындагы “Мостоотряд” ишканасы бүтүргөн. Мындан сырткары Ногойбаевдин кызы жана күйөө баласы вагондордун пломб, коддорун саткан компанияга ээлик кылары белгилүү болгон.

Темир жолдогу жемкорлук

Темир жолдогу жемкорлук“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемаларды иликтеди. https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_rail_way_corruption/29098735.html

Опубликовано Kyrgyz Azattyk Unalgysy Среда, 14 марта 2018 г.

    • Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 29-мартта парламент жыйынында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын директорун иштен алуу маселеси көтөргөн.

  • Апрель айында Жогорку Кеңештин дупутаты Жанарбек Акаев «Кыргыз темир жолунун» башчысы текшерүүгө мүмкүнчүлүк бербей, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынан барышса, ишкана башчысы Ногойбаев кабинетине киргизбей, кууп чыкканын айткан.
  • 13-августта Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Кыргыз темир жолунун” башкаруу системасына жаңы стандарттар киргизилип, иштөө принциптери толугу менен кайра каралып чыгарын белгилеген.
  • Август айында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын поезд коштоочусу Алия Асанбаева мамлекеттик ишканадагы коррупциялык көрүнүштөрдү буга чейин айтып келгенин, бирок андан бери көңүл буруунун ордуна тескерисинче ага карата басым-кысым күчөгөнүн белгилеп президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

  • Август айында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын айрым поезд коштоочулары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жиберишти. Алардын айтымында, жетекчилер 2014-жылы алты тепловоз сатып алышканын, анын акысын төлөш үчүн жумушчулардын айлыгынан кармап жатканын айтышкан.
  • 28-августта, ар кандай маселелер боюнча президент Сооронбай Жээнбековго социалдык тармактар аркылуу кайрылгандар көп болуп жаканына байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгы байкоо жүргүзүп, ар кандай чара көрүлүп жатканын президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
  • 13-сентябрь күнү Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы «Кыргызтемиржолу» ишканасынын кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Маалыматка караганда, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иликтөөдө 2018-жылдын 1-январынан 30-апрелине чейин «Бишкек-Москва-Бишкек», «Бишкек-Новокузнецк-Бишкек», «Бишкек-Казан-Бишкек» темир жол багытында 67 жолу жүргүнчү каттамы ишке ашырылып, бирок 4868 билет гана сатылган.Ошол эле кезде «Кыргыз темир жолу» ишканасы» менен Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат базасында «Кайыңды-темир жол» пункту аркылуу» билети жок 2874 киши өткөнү жазылган. Прокуратура поезддин жооптуу кызматкерлеринин билети жок жүргүнчүлөрдөн алган акчасынан ишкананын кассасына 2 млн. 649 миң сомдон ашык каражат түшпөй, мамлекетке чоң зыян келтирилген деп эсептейт. Транспорт прокуратурасы ушундай эле фактыга байланыштуу дагы бир кылмыш иши козгогон. Андан 1 млн. 344 миң сом зыян келтирилгени айтылды.
  • 2-октябрь «Кыргыз темир жолдорунан» жакшы тоюнуп келген Алмаз Ногойбаев деген акыр-аягы кызматтан алынды. Бирок, анын далай иштери айтылып, жазылып келди эле, эч кандай жоопко тартылбай эле опоңой кутулуп, кызматтан кетти.
  • 18-октябрда Абдыкеримов Канатбек Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Өкмөт башчынын буйругунда Ногойбаев эмне себептен кызматтан алынганы айтылган эмес.
  • 29-ноябрдагы парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчисинин орун басары Алымжан Хасанов Казакстандын жараны экенин айтып чыкты:— Башка өлкөнүн жаранын стратегиялык объектилерге койгондор жооп бериш керек деп ойлом. Аны ким койгон? Транспорт жана жолдор министрлиги сөзсүз түрдө жооп берсин.

2019-жыл

  • 2019-жылдын 26-январда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев темир жол транспортун өнүктүрүүгө арналган кеңешме өткөрүп, Кыргызстанда 2019-2025-жылдарга карата темир жол транспортун өнүктүрүү концепциясынын долбоору сунушталды.
  • 30-январда жолуккан Канатбек Абдыкеримов менен Олег Белозёров Москвада. Ага Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов да катышкан.
  • Аталган жолугушууга байланыштуу коомчулукта «Кыргыз темир жолу» ишканасын Орусияга сатуу жөнүндө кеп чыккан. Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргызстанга келишин утурлай да козголгон.
  • «Кыргыз темир жолу», «Кыргыз мунайгаз» деген мамлекеттик ишканаларды Орусияга сатуу боюнча маалыматтар коомчулукта кызуу талкууга алына баштады:

«Кыргыз темир жолун» акционердик башкарууга берип, кийин сатуу боюнча демилге көтөрүлүп жатканы ачык эле айтылып жатат. Бул маселеде Орусия экономикалык пайдадан да геосаясий кызыкчылыктарды жогору коюп жаткандай. Себеби Борбор Азияга таасир этиш үчүн мурун Батыш менен тирешүү болсо, акыркы кезде бул аймактагы Кытайдын таасиринен чочулап, ага каршы туруу саясаты болуп жатат.

  • «Кыргыз темир жолу» ишканасы «сатылышы мүмкүн» деген кабарларга байланыштуу бул мекеме атайын билдирүү таратып, андай маалыматтарды төгүндөдү.
  • «Кыргыз темир жолу» ишканасы «сатылышы мүмкүн» деген кабарларга байланыштуу бул мекеме атайын билдирүү таратып, андай маалыматтарды төгүндөдү.
  • Андан көп өтпөй, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салуу долбоору боюнча сүйлөшүүлөр жакын арада башталган. Санариптик экономикага өткөнгө байланыштуу 15-февралга чейин жол картасы иштелип чыгып, өкмөттүн токтому менен бекий турганы айтылган.
  • 12-апрелде парламенттеги башкаруучу коалициянын жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Абдыкеримов Орусия Кыргызстандын Түндүк-Түштүк темир жол долбоорун ишке ашырууга кызыгып жатканын айткан.
  • 30-май: Эсеп палатасы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын 2016-2017-жылдардагы иши боюнча аудит жүргүзүп, 12 миллион сомдон ашуун каражат айырма менен бир катар каржылык тартип бузуу фактыларын аныктады.
  • 3-июнда эртең мененки саат 08.50 чамасында чыккан жарылуудан төрт киши жаракат алган. Алардын баары күйүк менен ооруканага түшкөнү, абалдары оор экени, бирөө реанимацияда жатканы кабарланган…
  • 17-июнь: УКМК 150 универсалдуу жарым вагонду 432 миллион сомго сатып алуу боюнча сынак өткөрүүдө мыйзам бузуу аныкталганын, жарым вагондун бир даанасын 35 миң доллардан сунуш кылган компания тандалып алынбай, 41 миң доллардан саткан ишкана жеңүүчү деп табылган. Натыйжада мамлекеттик бюджет 69 миллион сомго зыян тартканын маалымдаган.
  • Ноябрь айынын башында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча сүйлөшүүлөр жанданып, аны ишке ашырууга Орусия да тартылып жатканы белгилүү болду.
  • Президент Сооронбай Жээнбеков 19-ноябрда эл аралык донорлордун катышуусунда Бишкекте өтүп жаткан жыйында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” долбоорун жол тармагындагы эң ири долбоор деп баала, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун саясий маселеси чечилгенин айткан.

2020-жыл

  • 23-январь: Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун буйругуна ылайык, Василий Дашков «Кыргыз темир жолу»  Улуттук компания мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун инвестицияларды тартуу жана курулуш маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды.
  • 10-март: «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен тендерде жеңип чыгыш үчүн 1 млн. доллар акча талап кылган үч адам Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы тарабынан кармалды.
  • 10-апрель: «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Абдыкеримов кызматтан бошотулуп, ордуна Василий Дашков дайындалды.
  • 5-июнь: Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Кыргыз темир жолу» ишканасынын ишине байланыштуу төрт адам камакка алынганын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алар — ишкананын азыркы жана мурда иштеп кеткен жооптуу кызматкерлери, сатып алууга катышкан башка компаниянын бир өкүлү.
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close