Ден-соолукДүйнөКоомӨкмөт

Кыргыз-кытай чек арасын жабуу чечими жок

Кыргызстан Кытай менен чек арасын жабык калтырабы же ачабы дале белгисиз. Өкмөт бул маселени талкуулап жатканын бир нече күндөн бери айтууда.

Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү каттамын кытай авиакомпаниялары жүргүзөрүн, алар 1-февралдан тарта учуп учпай турганы боюнча эми маалымат алышаарын “Манас” аба майданынан билдиришти. Ал эми мамлекеттик деңгээлде азырынча эч кандай чечим жок.

Өкмөт маселени талкуулап жатканын вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова буга чейин айткан эле:

“Чек араны жабык кармоону узартуу маселеси каралып атат. Чечимди коңшу мамлекеттер менен бирге чыгарышыбыз керек. Бул жерде экономикалык жакты да карашыбыз зарыл. Бирок айрым товарлардын кирүүсүнө чектөө коюлду”.

Кытайдан тооктун, өрдөктүн этин жана башка эттин түрлөрүн киргизүүгө тыюу салынды.

Кыргызстандын Кытай менен чек арасы 24-январдан 1-февралга чейин Кытайдагы Жаңы жылга байланыштуу жабылган. Ал эми аба каттамдары 23-январда токтогон.

Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү бекеттери качан ачылары белгисиз деди.

“Бул чек ара бекеттери негизи беш жумуш күнү иштеп, дем алыш күндөрү жабык. Ошондуктан 1-2-февралда “Торугарт” менен “Эркечтам” ансыз деле жабык болот. 3-февралда, дүйшөмбү ачылып же ачылбай турганы боюнча кошумча маалымат таратабыз. Негизи мамлекеттик чек ара өкмөттүн деңгээлинде чечилет”, – деди  Чоколоева.

28-январдан 31-январдын таңына чейинки маалыматка ылайык, вирус табылган өлкөлөрдөн Кыргызстанга 75 киши келди. Алардын 46сы Кыргызстанга үчүнчү мамлекет аркылуу Кытайдан өткөндөр.

Коронавирус

Кытайдан келгендердин 18и ооруканага жаткырылып, тогузу кайра үйүнө чыгарылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдында түзүлгөн штабдын башчы Абдыкадыр Жороев билдиргендей, 75 кишинин басымдуусу инкубациялык мөөнөт бүткөнгө чейин үйүнөн туруп дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

“Тогуз кыргызстандык студент бейтапканада медициналык көзөмөлдөн өтүп жатышат. Азыр абалдары жакшы. Биз текшерүүнү тактоо иретинде жүргүзүп жатабыз. Студенттердин экөө Ухань шаарынан келген”, – деди Жороев.

Жороевдин айтымында, Кытайдан келгендер жалпысынан он күнгө чейин медициналык көзөмөл алдында болушат.

Ошол эле учурда коронавирустун инкубациялык мөөнөтү он төрт күн экени айтылды. Бул – вирусту жуктурган адамда он төрт күнгө чейин оорунун белгиси билбинбеши мүмкүн, бирок вирус тарай берет дегенди түшүндүрөт.

Мамлекеттик ветеринардык инспекциянын директору Калыс Жумаканов эл жашылча-жемиштерден кооптонбой эле койсо болоорун билдирди.

Айыл чарба министрлиги билдиргендей цитрустардын басымдуусу Кытайдан келет
Image captionАйыл чарба министрлиги билдиргендей цитрустардын басымдуусу Кытайдан келет

“Жашылча-жемиш сатып алаарда тандап кереги жок, ички базарлардын баары көзөмөлдө. Ал эми эт, тоок менен өрдөктүн эти жана деңиз азыктарына тыюу салынды. Бул чектөө алынбайт. Өзү бул продукциялар аз көлөмдө келчү. Январга чейин 42 тонна келген экен”, – деди Жумаканов.

Ал эми Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөр карантини департаментинин башчысы Илич Мартбек уулу цитрус жемиштеринин басымдуусу Кытайдан келерин билдирди. Бирок ал саламаттык сактоо кызматкерлери вирус жашылча-жемиште жашабай турганы айтты дейт.

“Акыркы бир айда 12,5 миң тонна өсүмдүк продукциялары келген. 750 тоннасы жашылча, 2000 тонна ар кандай жемиштер, 3000 тонна цитрус. Бирок көп жашылча-жемиштер өзүбүздүкү. Кытайдан 2019-жылы жалпысынан 191 миң тонна өсүмдүк продукциялары келген”, – деди Мартбек уулу.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Мындай абал вирус Кытайдын бардык аймагында жана дүйнөнүн 18 өлкөсүндө табылгандан кийин киргизилди.

Булак
bbc.com
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button