БийликОкуяларӨкмөт

Кыргыз-өзбек чек арасында кайрадан чыр чыкты

31-майда кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек жеринде эки өлкөнүн жарандары ортосунда чыр чыкты.

Социалдык тармактарда тараган видеолордон топтолуп турган элди, кыйкырып, айтышып жаткандарды көрүүгө болот.

Чырга Баткендин Кадамжай районуна караштуу жерде Чечме деген булак талаш себеп болгону айтылууда.

«Азаттык» вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдон соңку маалыматтарды тактады.

Акрам Мадумаров: — Кыргыз-өзбек чек арасында Кадамжай районуна караштуу Чечме деген булак бар. Жыл сайын эки өлкөнүн жарандары бул булакты тазалап турушат. Бул жолу эки тарап айтышып, уруша кетишкен экен. Бири-бирине таш ыргытышкан. Жергиликтүү бийлик жеринде чырдын себебин тактап жатат.

«Азаттык»: — Канча адам топтолгон? Сизде бул боюнча маалымат барбы?

Акрам Мадумаров: — Сөзүмдүн башында айткандай, ал жерде эки өлкөнүн жарандары чогулуп, жайында булакты тазалашат. Адатта 30-40 киши чогулат. Азыр канча адам чырга катышканын тактап жатабыз. Бул маалыматты тактагандан кийин силерге кабарлайбыз. Жабыркагандар барбы же жокпу, ушуну жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тактап жатышат.

«Азаттык»: — Эл азыр тарадыбы же дагы эле топтолуп турабы?

Акрам Мадумаров: — Жергиликтүү бийлик органдары сүйлөшүп жатат. Ал тактала элек чек ара тилкеси болуп саналат. Бул булакты эки тарап тең пайдаланып келет. Ошол себептен бул жерде чыр жыл уланбай чыгып турат. Бирок кооптуу жагдай түзүлө турган абалга келишине жол берилбейт.

«Азаттык»: — Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу жакын арада кандайдыр бир сүйлөшүүлөр пландалып жатабы?

Акрам Мадумаров: — Ооба, пландалууда. Учурда Чек ара кызматы демаркациялоо, тосуу, алдын алуу иштерин жасап жатат. Ушул жумада эле жолугушуу болгон. Бирок коронавирус пандемиясы маалында бул жолугушуулар белгисиз мөөнөткө калды.

«Азаттык»: — Бүгүн чыр чыккан жер канчалык көйгөйлүү?

Акрам Мадумаров: — Ал жердеги булактын маселеси чечилбей келатат. Эгерде бул булак бир өлкөнүн пайдасына чечилсе, экинчиси суусуз калышы ыктымал. Ошондуктан булак көйгөйлүү маселе болуп эсептелинет. Бирок бул маселени чечүүнүн жолдору бар. Эки тараптуу жолугушуу болгондо чечебиз.

Өкмөттүн маалыматына караганда, кыргыз-өзбек чек арасынын 95% макулдашылган.

Булак
azattyk.org
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close