ВидеоМыйзам жана укукОкуялар
Маанилүү

Чек арадагы чыр: Кыргыздарга тиешелүү мал сарай өрттөнүп жатат.

Баткендин Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбек Республикасынын Сох районунун айылынын тургундарынын ортосунда чыр токтой элек.

Азыркы тапта кыргыздарга тиешелүү мал сарай өрттөнүп жатат.

Чыр аймактагы булак суусун талашуудан улам келип чыккан.

Учурда Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров менен Өзбекстандын Сох районунун акими жолугушуп, чырды жөнгө салуу, жеринде элди тынчтандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Буга чейин эки тарап бири-бирине таш ыргытышканы кабарланган. Анын кесепетинен кыргызстандыктардын арасында башы жарылып, ооруканага жеткирилгени, «ПОРТЕР» унаалары талканганы бар экенин жергиликтүү тургундар кабарлоодо.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close