4-январда социалдык түйүндөргө белгилүү куудул Абдылда Иманкуловдун кайрылуусу тарады. Анда куудул акыркы койгон концерти боюнча каралоо жүргүзүп жаткан фейктерге, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Курманкул Зулушев, Качыбек Ташиев, Сабыр Жапаров сыяктуу бир нече адамдарга жана коомчулукка кайрылган.
Билдирүүдө айтылгандай, куудул Садыр Жапаровго душман эместигин, мурунку бийликтегилерди кандай сындап келсе, азыркыларын да, кийинкилерин да сындай турганын айткан.