Окуялар

Куршабдык баатыр эне жолдошунун ашын өткөрүүнүн ордуна жол оңдоп берүүдө.

Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын тургуну Айша Матаева жолдошунун ашын өткөрүүнүн ордуна айылындагы жолду ондотуп берүүдө. Бул тууралуу Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.

«Учурдагы кырдаалды эске алып жана ыксыз чыгымдарды кыскартуу максатында Куршаб айыл аймагында жакшы жөрөлгө башталды. Айта кетсек, аталган айыл аймактын тургуну, баатыр эне Айша Матаева демилге көтөрүп, күйөөсүнүн ашын өткөрүүнүн ордуна Эрдик айылынын жолун сүрдүрүп, шагыл төгүп берүүнү колго алган. Балдары, кыздары да апасынын демилгесин колдоп, жолдорду ондотуп жатышат», — деп айтылат маалыматта.
­

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт