КоомСаясат
Маанилүү

КТРК башкаруу формасын үгүттөгөн топтордун дебатын «YouTube» каналына жүктөбөй жатат.

4-январда Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) президенттик башкарууга «макул» жана «каршы», парламенттик башкарууга «макул» же «каршы» жана бардык варианттарды колдобогон үгүт топторунун дебаты болду.

Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоонун шарапаты менен башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтөт.

Ушул күндөрү мамлекеттик КТРК, ЭЛТР телеканалдарында президенттик же парламенттик системаны жактагандардын жана экөөнө тең каршы болгон топтордун дебаттары өтүүдө.

4-январда Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) президенттик башкарууга «макул» жана «каршы», парламенттик башкарууга «макул» же «каршы» жана бардык варианттарды колдобогон үгүт топторунун дебаты болду.

КТРК бул талкууну бир сутка өткөнүнө карабай «YouTube» каналына сала элек жана түз эфир аркылуу да кетирген жок. Парламенттик башкарууну колдогон тарап берүүнү түз эфир учурунда жаздырып алып Интернетке жүктөдү. Азырынча БШК да бул боюнча үн ката элек.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт