Аналитика
Маанилүү

Коррупция менен күрөш президенттин адилеттүүлүгүн сынайбы?

Бишкек шаардык соту 12-майда «Прецедент»​ укук компаниясынын башчысы, юрист Нурбек Токтакуновдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз байышын иликтөө тууралуу доо арызын карап, сот анын арызын канааттандырган жок жана райондук соттун быйыл марттагы чечимин күчүндө калтырды. Ошондой эле, бул чечимге карата даттанууга болбой турганы да айтылды.

Эске салсак, былтыр «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Аларда Матраимовдун аты аталган.

Райымбек Матраимов иликтөөлөрдө сөз болгон 700 миллион долларга тиешеси жок экенин, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептей турганын айтууда. Мындан кийин анын бир тууганы, депутат Искендер Матраимов, үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Буга чейин, 2019-жылдын 29-майында “Ыңгайсыз суроо” телеберүүсү аркылуу көрсөтүлгөн «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө журналист Али Токтакунов өлкөдөн чыгарылып кеткен жүз миллиондогон доллар жанан анын Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго тиешеси тууралуу сөз кылган.

Андан көп өтпөй, “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айеркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүп кетишти. Анын көзү тирүүсүндө берген бир катар документтер «Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени», «Миллиондордун изи: Абдукадырдын кланынын сансыз мүлкү» деген иликтөөлөрдүн жаралган.

Бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Коррупция тууралуу экинчи иликтөө коомдо резонанс жаратты. 25-ноябрда жарандык активисттер Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясына чыгышты.

Акциянын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген ураандарды айтып, бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышты.

Журналисттик иликтөөгө байланыштуу Райымбек Матраимов УКМКга чакырылып, сурак бергени эле болбосо, башка чаралар көрүлбөгөнү коомчлукта нааразычылыктардын жаралышына себеп болгон.

2019-жылдын 12-декабрында болсо президент Сооронбай Жээнбеков  Бириккен Араб Эмираттарында жашаган кыргызстандыктар менен жолуккан. Жолугушууда учурунда президент Жээнбеков иликтөө жүргүзгөн журналисттерди Кыргызстанга келип, документтерин өткөрүп берүүгө чакырып, коопсуздугуна кепилдик берерин билдирген.

Керек болсо мен да кепилдик берем. Келип, фактысы болсо берсин, – деген президент укук коргоо, сот органдарында бурмалоо болбой турганын белгиледи.

– Бул аягына чыгат. Чыдап тургула. Ошол далилдерди алып келип берсин, органдарга. Чындыктын артында биз турабыз. Чындык болот, – деди президент.

Ал эми жарандык коомдун өкүлдөрү жана бир катар жарандар 18-декабрда экинчи жолу коррупцияга жана сөз эркиндигин муунткан аракеттерге каршы Бишкектин Ала-Тоо аянтында «REакция 2.0» деген тынчтык митинги экинчи жолу өттү.

Нааразылык акциясына чыккандар бийликтен жемкорлукка каршы чечкиндүү күрөшүүнү жана сөз эркиндигин коргоону талап кылышты. Алар Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттер бир нече иликтөө жасап, мыйзамсыз иштерди ашкере кылганына карабай президент дагы деле факты талап кылып жатканын сынга алышты.

2019-жылдын, 17-декбарь Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын социалдык тармактарга жүктөгөн сүрөттөрүнө көз чаптырып, “майда-чүйдө” чыгымын Factcheck.kg сайты иликтеп “Фактың барбы?” Райымбек Матраимовдун жубайынын “майда-чүйдө” чыгымы» аталышындагы иликтөөсүн жарыялаган.

Андан тышкары президенттин кудасы Алиярбек Абжалиевдин мүлктөрү тууралуу бир канча иликтөөлөр жарыяланды. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Кытай компаниясы карыздын эсебинен Кара-Балтанын жанында жайгашкан Кайыңды кабел заводун алды деген малымат тараган. Kaktus.media жана Factchek.kg редакциялары бул компаниянын кайсы компанияларга тиешеси бар экендигин текшерип жатып, кытай компаниясынын жаңы ээлеринин бири Гүлсара Сулайманова экендигин аныкташкан. Бул иликтөө «Президенттин кудасы Алиярбек Абжалиевдин үй-бүлөсүнүн бизнес империясы» деген аталыш менен  30-апрелде жарыяланган.

Анда Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин жакындарына катталган ондогон ишканалар жөнүндө кеп болот. Иликтөөдө депутаттын «”мурдагы жубайы” экени айтылган Гүлсара Сулайманова ар кыл тармактагы иш алып барган 17 фирмага, ал эми уулу Темирлан Токобеков 13 фирмага ээлик кылары» жазылган.

Журналисттер Сулайманова тууралуу көбүрөөк билүүнү чечкен. Гүлсара Сулайманова — Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин жубайы болуп чыккан. Азыркы учурда жубайлар мамлекеттик каттоо кызматында ажырашкандар катары көрсөтүлгөн.

Буга байланыштуу Абжалиевдердин үй-бүлөсү мындан тышкары дагы кандай бизнеске ээлик кылат деген суроого жооп издеп көрүшкөн. Жыйынтыгында ажонун кудасы өлкө боюнча курулуш, туристтик жана тоо кен өнөр жайы менен байланышкан ондогон бизнестин түрлөрүнө тиешеси бар болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек — Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун кызы Бактыгүл Шарипованын өмүрлүк жары.

Ал эми, 1-май күнү социалдык тармактарда Сыймык Жапыкеев аттуу мурдагы прокуратура кызматкери Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, алар күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптаган. Алардын арасынан депутат Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, ишканаларын текшерүүнү талап кылып чыгууга коомчулукту үндөгөн болчу.

Андан көп өтпөй, 12-май күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын маалымдады. Финансы полициясынын маалыматына ылайык, Жумалиевдин мүлкүнүнө байланыштуу ишти Башкы прокуратура Жазык кодексинин 323 («Мыйзамсыз баюу») жана 324-беренесине («Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу») ылайык Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Учурда депутаттын мүлкү текшерилүү жүрүүдө.

Ушул эле күнү Ички иштер министрлиги мурдагы прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеевге карата сотко чейинки териштирүү башталганын кабарлаган.

Негизи Сыймык Жапыкеевдин билдирүүсүнөн соң коомчулукта коррупцияга каршы күрөш, чоң кызматтагылардын мыйзамсыз байыганы тууралуу талкуулар күчөдү. Эксперттер мындай көрүнүштү тыкыр изилдеп, тиешелүү органдар тезинен иш алып барышы керектигин айтышууда.

Мындан 5 күн мурда «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы күйүүчү майды 1,5 жылдан бери Райымбек Матраимовдун жубайынын гана компаниясынан сатып алып атканын Kloop.kg басылмасынын журналисттери аныктаганы маалым.

Ал иликтөөдө бир жарым жылда «Ош-Тазалык» ишканасы «Россия Нефть» ЖЧКсынан 59 миллион сомдук күйүүчү май сатып алганы жөнүндө далилдер келтирилген.

Дата Уткан компания сунуштаган баа Тендерге шилтеме
24.12.2018 0.7 https://bit.ly/2WMWIVE
28.12.2018 8.7 https://bit.ly/3bIHVzd
02.04.2019 9.0 https://bit.ly/3cXkrI0
29.06.2019 9.0 https://bit.ly/2yeZQQr
25.09.2019 9.0 https://bit.ly/36dImQZ
24.12.2019 2.5 https://bit.ly/2XfbJi1
20.01.2020 9.2 https://bit.ly/36hEyyb
30.03.2020 10.9 https://bit.ly/3e1QZRy

*«Ош-Тазалык» ишканасы күйүүчү майды бир кварталга, башкача айтканда 3 айга сатып алышы ыктымал

Коррупция менен күрөш президенттин адилеттүүлүгүн сынайбы?

2003-жылы президент Акаев коррупция “мамлекеттин коопсуздугу үчүн бирден-бир коркунуч” болуп калганын айткан. Кийинчерээк экинчи президент Бакиев “биздеги экономикалык кыйынчылыктар” коррупциядан улам болуп жатканын жана “туугандык байланыштар жана коррупция бизди буту-колубуздан байлап” алганын айткан.

2013-жылы Атамбаев “коррупция менен күрөшүү өлкөнүн приоритеттеринин бири” экенин билдирген. Ал эми анын мураскери Жээнбеков болсо шайлоого чейин эле 35 коррупционердин тизмесине ээ экенин билдирип, кийин ЖКга кайрылуу жасап жатканда “коррупция менен күрөшүү мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты” боюнча каларын белгилеген.

Мурдагы президенттер деле алгач коррупцияга каршы катуу чара көрөрүн билдиришкени менен, кийин андан жыйынтык жакшы чыкпаганын, күрөш “тандалма” болуп калганын талдоочулар белгилеп жүрүшөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында:

Биз элдин үнүн угуп, ачуу чындыкты моюнга алуубуз керек. Коррупция менен күрөшкө жумурай журт катышуусу керек. Коррупция менен күрөш укук коргоо органдары менен гана чектелип калбаш керек. Биз баардык тармактардагы коррупцияны жоюшубуз зарыл – бийликтин жогорку бутактарынан баштап, айыл аймактарына чейин. Биздин коомду коррупция деген оорудан арылтуубуз абзел” – деген.

Биздин башкаруучулар өз сөзүндө коррупцияны өлкөдөгү эң башкы көйгөй катары көргөнү жакшы деңизчи. Бирок, кыргызстандагы беделдүү деп саналган маалыматтык каражаттардын бир нече жылдан бери жүргүзгөн иликтөөлөрүндө көрсөткөн фактыларына карабай шайлоо учурунда каржылык колдоо көрсөттү делген Матраимовдорго, президенттин кудасы Абжалиевдерге иш козголбой, эски прокурордун бир чакырыганан кийин Жумалиевге иш козголгону, коомчулукта бул “отвлекающий маневр” болуп калды деген ойлорго түрттү.

Ар бир келген өлкө башчы коррупция менен күрөшөбүз деп гана сүйлөйт, качан Кыргызстан бул маселени ийгиликтүү чечти деген башчы болот?

Артка кылчайып жана коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап туруп коррупция менен күрөш жакынкы он жылда аяктабайт деген ойго келдик. Коррупция менен күрөшүү анын оордугунда эмес, президенттин адилеттүүлүгүндө…

(Уландысы бар…)

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button