БийликӨкмөтСаясат
Маанилүү

Коронвосирустун жайылышына Космосбектин кызыкчылыгы барбы?

Дүйнѳнү дүрбѳлѳңгѳ салган таажы ылаңы (Covid-19) Кыргызстанга да келип жетти. Кечээ, 18-март күнү Саламаттыкты Сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган 3 жаран аныкталганын билдирди. Коомчулукта бул Ѳкмѳттүн күнѳѳсү десе айрымдар Саламаттыкты сактоо министрлигинин шалаакылыгынын айынан ѳлкѳдѳ кооптуу жагдай жаралганын айтышууда.

Бүгүн, 19-мартта Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өкмөттөгү брифингде Сауд Арабиядан келген рейсти токтотуп, текшергенде ажылар нааразазы болгонун билдирди. Ал Умрадага ажылар январь айында кеткенин белгилеп, ал кезде дүйнөлүк маалыматтар боюнча, Сауд Арабиясында инфекциянын жугушунун көп учурлары катталган эместигин айтты:

“Чартердик каттам менен келген ажыларды “токтогула” дегенде дагы, “биз ыйык жерден келдик, тазабыз” дешкен. Буга карабай биз алдын ала текшерүүлөрдү жүргүзүп, медициналык көзөмөл койгонбуз. Алардын жөн эле коё берип жибергенде, азыр алардын баарын табыш кыйын болмок” – деди Космосбек Чолпонбаев.

Текшерели десек нааразы болду деп чек арадан текшербей өткөрө берген туура болобу? Коронавирустун жайылышы биринчи кезекте, дары-дармек сатып оокат кылгандар үчүн болуп көрбөгөндөй чоң мүмкүнчүлүк. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин да Кыргызстандагы ири фарм бизнесине ээлик кылышы, ишкердигин дал ушул тармактан жүргүзүп келгени буга чейин эле маалым болчу.

Манас аба майданында министрлик тарабынан жеткиликтүү деңгээлде иш жүргүзүлбѳй, башка ѳлкѳдѳн учуп келген жарандарыбыз тийешелүү деңгээлде текшерүүгѳ алынбаганынын кесепетинен Сузакта кооптуу жагдай пайда болду. Бул Сузакта эле калып, бүтүндөй өлкөгө жайылып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бүгүн министр Космос Чолпонбаевдин байма–бай маалымат берген кайрылуулары бул – жоо кеткен соң кылычыңды ташка чаап дегендей эле маселе.

Саламаттык сактоо министри элди биримдикке, сабырдуулукка чакыруунун ордуна, адаттагыдай эле элдин кыжырын келтирген сөздөрдү сүйлөп, коомдук тармактардын колдонуучуларынын сын-пикирине кабылды.

Ал эми айрым саясатчылар анын отсавкасын талап кылып, кетирген катачылыгы үчүн жоопко тартуу керектигин сунуштап жатышат. Алардын бири Жогорку Кеңештин экс депутаты Ахматбек Келдикбеков:

Бир жетекчинин жоопкерчиликсиз мамилесинен бүтүндѳй эл кыйналбашы керек! Ошондуктан мен саламаттыкты сактоо министри жѳн гана кызматтан четтетилбестен ага карата мыйзам чегинде чара кѳрүлүшү абзел деп ойлойм.”- деген пикирин айткан.

 

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button