
Кытайдын Пекин шаарында коронавирустун жаңы түрү — «британ» штаммы табылды. Расмий маалымат боюнча, оорунун бул түрү менен 2 адам катталган. Вирус аныкталган адамдар чет өлкөдөн жуктурган деп божомолдонуп жатат.
Улуу Британияда коронавирустун жаңы түрү тарап жатканы тууралуу маалымат 2020-жылдын декабрь айында жарыяланган болчу.