ВидеоДүйнө
Маанилүү

Коронавирустун очогу болгон Ухань шаарынын көрүнүшү (ВИДЕО)

Кытайдын саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, бүгүн, 4-февралга караган убакка карата жалпысынан 24 миң 597 киши белгисиз коронавирусту жуктуруп алган. Бул сан күн санап өсүүдө. Ал эми мындан улам каза болгондордун саны 494кө жеткен. Ал эми коронавирусту жуктуруп алган 963 адам айыккан.

Эпидемиянын жайылган очогу болгон Кытайдын Ухань шаарында 23-январда карантин жарыяланган. Эпидемия жайылгандан кийин 12 миллион калк жашаган шаар ээн калган. Сырткы дүйнөдөн обочолонгон шаарда коомдук тарнспорт токтогон, аэропорт, бекеттер, соода борборлору жабылган. Завод-фабрикалар, ишканалар ишин токтоткон.
Социалдык тармактарга ээн калган Ухань шаарынын видеосу тарады. Дрон менен тартылган бул видеодон шаардын көчөлөрүндө бирин-серин гана адамдар жүргөнүн көрүүгө болот.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button