Дүйнө

Коронавирустан каза тапкандар жагынан Италиядан кийин Испания абдан коркунучтуу абалда…

Испанияда коронавирустун (Ковид-19) себебинен бир күндө 512 киши каза таап, каза болгондордун жалпы саны 2694кө жогорулады.Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 40 миң болгону жарыяланды.

Коронавирустан Европада эң көп таасирленген Италияда каза тапкандардын саны кечээ 601ге көбөйүп жалпы 6 миң 77ге жеткендиктен эң көп өлүм катталган өлкө болду. Вирусту жуктургандардын саны 63 миң 927 деп белгиленди. Буга кошумча Италияда коронавируска чалдыккан алгачкы киши экени маалым болгон 38 жаштагы оорулуунун дарылануусун бүтүрүп айыгып чыккандыгы белгилүү болду. Бейтаптын дарылануу мөөнөтү бир айга созулду.

Испанияда коронавирустун (Covid-19) себебинен бир күндө 512 киши каза таап, каза болгондордун жалпы саны 2694кө жогорулады.Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 40 миң болгону жарыяланды.Италиядан кийин Испаниянын эң көп каза тапкандары болгон өлкө болушу Европанын экинчи коркунучтуу борборуна айланышы санааркатып жатат. Мадридде жаназа зыйнаты токтотулуп, каза болгондор моргдо тоңдурулуп тураары жарыяланды.

Францияда вирустан каза тапкандардын саны 860ка, жуктуруп алгандардын саны 20 миңге жетти. Өлкөдө эпидемия көрүнө баштагандан бери кечээ бир күндө эң көп өлүм жана жуктуруп алгандар катталды.

Нидерландияда каза тапкандардын саны 213кө, жуктуруп алгандардын саны 4749га жетти. Өлкөдө 3 же андан көп кишинин чогулуусуна же бири-биринен 1,5 метрден жакын турган учурунда 400дөн 4 миң еврого чейин акчалай салык салууга даярданууда.

116 киши каза болгону белгиленген Германияда болсо жуктуруп алгандардын саны 26 миңге жетти. Канцлер Ангела Меркелдин жаңы типтеги коронавирусту жуктуруп алган доктур менен контакт болгондуктан тест кылынып диагнозу негатив болуп чыкты.

Көчөгө чыгууга тыюу салынган Грецияда каза тапкандардын саны 17ге жогорулап, жуктуруп алгандардын саны 695ке жетти.

116 бейтап болгон Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун лидери Никос Анастасиадис, жаңы типтеги коронавируска (Covid-19) каршы көрүлгөн чаралардын алкагында чектелген көчөгө чыгууга тыюу салуунун бүгүнтөн баштап күчүнө киргенин жарыялады.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү жана ЕБнин Комиссия төрагасынын орун басары Жосеф Боррелл: «Covid-19 мурда окшошу көрүнбөгөн глобалдык кризис»,-деди.

ЕБнин тышкы иштер министрлеринин видеоконференция ыкмасы менен өткөргөн расмий эмес жыйналышынан кийин басма сөзгө маалымат берген Жосеф Боррелл, бул эпидемия менен күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыктын камсыздалышы шарт болгонунун серебин салды.

Бул учурда ЕБне мүчө өлкөлөр жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемиясынын себебинен мамлекеттик каржылоолорун чектеген эрежелерин токтотууга чечим чыгарды.

Англияда каза болгондордун саны 335ке жетти. Азык-түлүк дүкөн жана аптекалардан тышкаркы бардык соода иш-чараларынын токтотулушуна чечим чыгарылды.Элдин бир гана керектүү соода кылуу жана өзү жалгыз спорт менен машыгуу үчүн үйдөн чыгуусуна уруксат бериле турганы жарыяланды.

Швейцария калкынын санына катышы жагынан Италиядан кийин эң көп Ковид-19 бейтабы катталган өлкө абалында. Каза тапкандардын саны 112, жуктуруп алгандардын саны 8549га жогорулады. Өлкөдө федералдык өкмөт 5тен көп кишинин чогулуп көчөгө чыгуусуна тыюу салды.

Астрияда каза тапкандардын саны 21ге, жуктуруп алгандардын саны 3924кө жетти.

Түндүк Македонияда жуктуруп алгандардын саны 139га, Албанияда 104кө, Косовада 61ге, Босния-Герцеговинада 130га жогорулады.

Ковид-19 бейтаптарынын саны жагынан (35225) Кытай жана Италиядан кийин үчүнчү орунга чыккан, 585 киши көз жумган жана 46367 жуктуруп алган киши аныкталган АКШда Коомдук саламаттык сактоо штабынын төрагасы Жером Адамс, өлкөдөгү жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын дагы жайыла турганын баса белгилеп, элди үйлөрүнөн чыкпоо чакырыгын салды. АКШнын Борбордук күчтөр командирлигинин (CENTCOM) экинчи кызматкеринде жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) аныкталгандыгы билдирилди. Вашингтондо эпидемиянын себебинен өтө керектүү болбогон ишканалардын жабылуусуна буйрук берилди.

Латын Америка өлкөлөрүндө ушул убакка дейре Ковид-19дун себебинен Бразилияда 34, Эквадордо 18, Перуда 5, Панамада 3, Аргентинада 4, Доминик республикасы жана Колумбияда 3, Коста-Рика, Чли,Мексика жана Порто-Рикодо 2, Парагвай,Гватемала жана Кубада 1ден өлүм катталып жалпы 72 киши көз жумганы отчет берилди.

Мексиканын мамлекет башчысы Андрес Мануэль Лопез Обратор, элди Ковид-19 эпидемиясынан коркуп көчөгө чыгуудан баш тартпоо сунушун кылды. Кубадагы турситтер Ковид-19дун себебинен мейманканалардан чыга алышпайт.

Канадада Ковид-19 эпидеиясынан каза тапкандардын саны 2ңкө жетти, жуктуруп алгандардын саны 2034кө жогорулады.Премьер-министр Жастин Трюдо, элге кайрылуулардын жетиштүү ишке ашырылбаганына ызаланып, «Жетет эми. Үйгө кеткиле жана үйдөн чыкпагыла»,-деди.

Австралияда жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19) себебинен каза тапкандардын саны 8ге көбөйдү.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button