Дүйнө
Маанилүү

Коронавирустан акыркы суткада 882 адам көз жумду

Анын ичинен 475 адам Италияда каза тапкандар. Бул бир сутка ичиндеги рекорддук көрсөткүч.
Гонконгдогу South China Morning Post басылмасынын санагы боюнча, 19-мартта дүйнө жүзүндө вирус жуктурган 18 500 жаңы учур катталып, бардыгы болуп 206 226 адам ооруга чалдыкты. Дүйнөдө вирустан өлгөндөрдүн саны 8700 кишиге жетти.

Оорудан 82 миңден ашуун адам айыгып чыкты.
Иранда вирустан өлгөндөрдүн саны 1135 адамга жетти, 17 631 киши илдетке кабылды. Испанияда 13 716 адам оору жуктуруп, 558 адам андан көз жумду. АКШда 118 адам коронавирустан набыт болду.

Кытайда акыркы суткада 8 адам вирустан көз жумган, 34 адам ооруга кабылган. 819 киши айыгып чыккан.

[coronavirus-jh-dashboard height_px=”800px”]

Коронавирустун жаңы – COVID-19 деген түрү алгач Кытайдын Ухань шаарында катталган. Кытайда бул илдетке чалдыккандар 81 миңди чамалап, алардын ичинен 3237 адамдын өмүрү кыйылган. 70 миңге жакыны айыгып чыкты. Кытайда эки аптадан бери вируска чалдыкканы аныкталгандар аз катталууда.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button