ВидеоОкуялар
Маанилүү

Коронавирустан акыркы суткада 882 адам көз жумду. Кыргызстанда бала бакчалар жабылды

Кыргызстанда жана дүйнөдө болуп жаткан акыркы жаңылыктарды UA.KG сайтынан табасыз!

КОРОНАВИРУСТАН АКЫРКЫ СУТКАДА 882 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Анын ичинен 475 адам Италияда каза тапкандар. Бул бир сутка ичиндеги рекорддук көрсөткүч. Ал эми 19-мартта дүйнө жүзүндө вирус жуктурган 18 500 жаңы учур катталып, бардыгы болуп 206 226 адам ооруга чалдыкты. Дүйнөдө вирустан өлгөндөрдүн саны 8700 кишиге жетти.

Оорудан 82 миңден ашуун адам айыгып чыкты.

Коронавирустан акыркы суткада 882 адам көз жумду

***

МЕДИЦИНА ЖАНА ЧЕК АРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ТУУГАНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Кыргызстанда күндөп түндөп нөөмөттө иштеп жаткан медицина, чек ара кызматкерлерине туугандары менен жолугууга тыюу салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди.

«Бул адамдар өткөрмө жайларында күнү-түнү иштеп жатышат. Алардын ооруну жуктуруу тобокелдиги эң жогору. Нускамалар боюнча аларга туугандары менен жолугууга тыюу салынган. Ошондуктан алар дагы изоляцияланган. Биз аларды колдошубуз керек», – дейт өкмөт башчы.

Медицина жана чек ара кызматкерлерине туугандары менен жолугууга тыюу салынды

***

КЫРГЫЗСТАНДА 20-МАРТТАН ТАРТЫП БАЛА БАКЧАЛАР ЖАБЫЛАТ

Кыргызстандын билим берүү министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын жакшырышына чейин мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин (балдар бакчалары) токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 20-марттан тартып Кыргызстандагы бала бакчалар жабылат.

Кыргызстанда 20-марттан тартып бала бакчалар жабылат

***

БИШКЕКТЕ ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ.

Иш чарага Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы устаз Акимжан ажы Эргешов, Кыргызстан Ислам университетинин ага окутуучусу Абдулла Криж, Бишкек Мамлекеттик университетинин ага окутуучу Төрөбек Мамырбаев, «Элистан» балалык борборунун мүдүрү Нуриет Мамасалиев, мекеме жетекчилери, борбордун жалпы курамы жана студенттер катышты.

Бул окуу борбору 2018 – жылы жергиликтүү калктын жана студенттердин тил сабаттуулугун, дараметин жогорулатуу максатында ачылган.

Окуу борбордо Олжобай Ташполотов, Абдултаир Калбаев баш болгон дасыккан, белгилүү мыкты адистер сабак берип келишет.

Иш чаранын ачылыш сөзүндө борбордун билим берүү тармагындагы орду, жетишкендиктери жана келечеги тууралуу маалыматтар берилди.

Жаштардын мындай кадамына сүйүнүп тургандыгын айткан КМДБнын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов, тил үйрөнүү кылымыбыздын актуалдуу маселеси экенин баса белгилеп, жаштардын жигердүү арекеттерин сыймыктануу менен айтып, борбордун жалпы жамааты менен негиздөөчүлөрүнө бейпилдик жана ийгиликтер болушун каалады!

Иш чара коноктордун ак батасы жана алдыңкы окуган студенттерге мактоо баракчаларын тапшыруу менен аяктады.

Ушул жана башка жаңылыктарды
UA.KG сайтынан окуңуз!

Толугу менен
Back to top button