Дүйнө
Kоронавирустан айыккан бейтаптардын саны жарым миллиондон ашты

Бүгүн, 16-апрелге карата дүйнө жүзү боюнча коронавирустан 510 миң бейтап айыкты. «Worldometers» сайтынын маалыматы боюнча, дүйнөдө вирусту 2 млн 86 миң адам жуктуруп, 134 миң адам көз жумду.
[coronavirus-jh-dashboard height_px=»800px»]Коронавирус эң көп катталган өлкөлөр:
- АКШ — 644 миң;
- Испания — 180 миң;
- Италия — 165 миң;
- Франция — 147 миң;
- Германия — 134,7 миң.
«Euronews» басылмасынын маалыматына ылайык, Улуу Британияда бир күндө 4603 адамга вирус жугуп, коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 98 миң адамдан ашты.
- Кыргызстанда жалпы 466 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпы 91 адам дарылануудан кийин ооруканадан чыгарылды.