БийликДен-соолукӨкмөт

Коронавируска каршы күрөшүүгө которулган каражатты көзөмөлдөө үчүн байкоочу кеңеш түзүлөт

Коронавируска каршы күрөшүүдө бардык эле бизнесмендер жана жарандар өзүнүн акча каражаттарын Финансы министрлигинин административдик эсебине которбойт. Алар жеке каражаттарын өз алдынча бөлүштүрүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев брифингде билдирди.

Акча каражаттарынын туура сарпталышын көзөмөлдөө үчүн байкоочу кеӊеш түзүү пландалууда. Анын курамына Жогорку Кеӊештин депутаттары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылат.

“Алар кайда жана канча каражат жумшалганы боюнча жума сайын отчет көрсөтүп турушат. Бүгүнкү күндө бул каражаттардан бир дагы тыйын коротула элек”, – дейт Э.Асрандиев.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button