Дүйнө

Коронавируска кабылгандар 81 миңге чукулдады

Кытайдан башка өлкөлөрдө вирусту жуктургандар 2 500ден ашты. Түштүк Кореяда- 1146 адам, Diamond Princess круиздик лайнеринде вируска кабылгандар-691, Японияда — 171 адам, Италияда — 323, Иранда — 95, АКШда — 57 киши катталган. Ал эми каза болгондор Түштүк Кореяда 12, Италияда 11 адам.

Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 2 760га жетти. Андан сырткары, жалпы 80 994 адамга вирус жуккан.

Ошондой эле, вирус жуккан 27 353 бейтап эмделип, ооруканадан чыгарылган.

25-февралга карата вирус жуккандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close