Дүйнө

Коронавируска чалдыккандардын саны Казакстанда 9, Өзбекстанда 4 адамга жетти.

Казакстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 8ге жетти. Алардын арасында жаш бала бар. Бул тууралуу Казакстандын ММКлары  15-мартта жазып чыкты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшариптин айтымында, ооругандардын арасында 2008-жылы туулган өспүрүм кыз бар. Ал Германиядан келген. Коронавируска анализ тапшырып, жыйынтыгында илдет табылган.

Ошентип, Казакстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 9га жетти. Алматы шаарында – 7, Нур-Султанда – 2.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү үчүн өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады.

16-мартта Өзбекстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 4 адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстан ММКлары жазып чыгышты.

Берилген маалыматта коронавирус адамга жуккан учур кечээ, 15-мартта катталган.

Вирус Франциядан учуп келген Өзбекстандык жарандан аныкталган. Бейтаптын жакындары, байланышта болгон адамдар дагы текшерүүдөн өтүшкөн. Жыйынттыгында анын кызы жана уулунан да вирустун белгилери табылган.

Ошондой эле алар жашаган көп кабаттуу үй толугу менен дизенфекцияланып, 230 адам медициналык текшерүүдөн өтүп жатышат.

Ал эми Өзбекстандагы төртүнчү коронавирусту жуктурган адам, 15-мартта Стамбулдан учуп барган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button