Ден-соолукДүйнөКоом

Коронавируска байланыштуу Сеул-Ташкент каттамындагы учак кайра артка кайтты

27-февралда Сеул-Ташкент багыты боюнча учуп келаткан учактын жүргүнчүсү өзүн жаман сезгендиктен, учак жолдон кайра Түштүк Кореяга кайткан. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов видеоселектордук жыйында билдирди.

“Асманга көтөрүлгөндөн үч сааттан кийин жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип, учак кайра Түштүк Кореяга кайткан. Сеулда аны тез жардам кызматы алып кеткен. Бирок ал коронавируска шектелип жаткандыгы учак Ташкент аэропортуна келип конгондо гана айтылды. Мындан улам ал учактын бардык жүргүнчүлөрүн радар менен текшерүүгө туура келди. Аэропортто атайын изоляциялык бөлмөлөр жок болгондуктан, учурда алар аэропорттогу залдардын биринде башкалардан обочо кармалууда”, – деди Шадманов.

Анын айтымында, 23-февралда Кытайдан келген жүргүнчү өзүн жаман сезип жатканына карабастан Ташкент аэропортунан эч кандай тоскоолдуксуз Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Андан соң жашаган жериндеги мааледе бейтапканага кайрылган.

“Дарыгерлер андан бир нече жолу анализ алып, кайра-кайра текшеришкен. Жыйынтыгында анын коронавирус жуктурбаганы аныкталды. Бирок, бул учур биздин аэропорттогу жетишсиздиктерди көрсөтүп койду. Анда текшерүүдөн өтүү эрежелери сакталган эмес”, — деди министр.

Жыйынга катышкан дарыгерлер өлкө аэропортторунда медиктердин иши үчүн эч кандай шарт каралбаганын билдиришти. Алардын айтымында, жүргүнчүлөрдүн дене табын аралыктан текшерүүчү жабдуулар жок.

Февралдын ортосунда Ташкентке келген АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Өзбекстан менен Казакстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн акчалай жардам берилерин билдирген.

Ал ортодо «Россия 24» телеканалы Новосибирсктен Өзбекстанга коронавирусту аныктоочу каражаттардын алгачкы партиясы жөнөтүлгөнүн кабарлады.

КоронаLIVE
  • USA 1,837,625
    USA
    Жуктургандар: 1,837,625
    Ооруп жаткандар: 1,131,552
    Айыккандар: 599,875
    Каза тапкандар: 106,198
  • Brazil 514,992
    Brazil
    Жуктургандар: 514,992
    Ооруп жаткандар: 279,096
    Айыккандар: 206,555
    Каза тапкандар: 29,341
  • Russia 414,878
    Russia
    Жуктургандар: 414,878
    Ооруп жаткандар: 234,146
    Айыккандар: 175,877
    Каза тапкандар: 4,855
  • Spain 286,509
    Spain
    Жуктургандар: 286,509
    Ооруп жаткандар: 62,424
    Айыккандар: 196,958
    Каза тапкандар: 27,127
  • UK 274,762
    UK
    Жуктургандар: 274,762
    Ооруп жаткандар: 236,273
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 38,489
  • Italy 232,997
    Italy
    Жуктургандар: 232,997
    Ооруп жаткандар: 42,075
    Айыккандар: 157,507
    Каза тапкандар: 33,415
  • India 190,535
    India
    Жуктургандар: 190,535
    Ооруп жаткандар: 93,322
    Айыккандар: 91,819
    Каза тапкандар: 5,394
  • France 188,882
    France
    Жуктургандар: 188,882
    Ооруп жаткандар: 91,725
    Айыккандар: 68,355
    Каза тапкандар: 28,802
  • Germany 183,494
    Germany
    Жуктургандар: 183,494
    Ооруп жаткандар: 8,989
    Айыккандар: 165,900
    Каза тапкандар: 8,605
  • Peru 164,476
    Peru
    Жуктургандар: 164,476
    Ооруп жаткандар: 92,762
    Айыккандар: 67,208
    Каза тапкандар: 4,506
  • Turkey 163,942
    Turkey
    Жуктургандар: 163,942
    Ооруп жаткандар: 31,429
    Айыккандар: 127,973
    Каза тапкандар: 4,540
  • Iran 154,445
    Iran
    Жуктургандар: 154,445
    Ооруп жаткандар: 25,563
    Айыккандар: 121,004
    Каза тапкандар: 7,878
  • Chile 99,688
    Chile
    Жуктургандар: 99,688
    Ооруп жаткандар: 55,907
    Айыккандар: 42,727
    Каза тапкандар: 1,054
  • Saudi Arabia 85,261
    Saudi Arabia
    Жуктургандар: 85,261
    Ооруп жаткандар: 22,316
    Айыккандар: 62,442
    Каза тапкандар: 503
  • China 83,017
    China
    Жуктургандар: 83,017
    Ооруп жаткандар: 76
    Айыккандар: 78,307
    Каза тапкандар: 4,634
  • Afghanistan 15,750
    Afghanistan
    Жуктургандар: 15,750
    Ооруп жаткандар: 14,057
    Айыккандар: 1,428
    Каза тапкандар: 265
  • Kazakhstan 11,308
    Kazakhstan
    Жуктургандар: 11,308
    Ооруп жаткандар: 5,809
    Айыккандар: 5,458
    Каза тапкандар: 41
  • Tajikistan 3,930
    Tajikistan
    Жуктургандар: 3,930
    Ооруп жаткандар: 1,879
    Айыккандар: 2,004
    Каза тапкандар: 47
  • Uzbekistan 3,662
    Uzbekistan
    Жуктургандар: 3,662
    Ооруп жаткандар: 788
    Айыккандар: 2,859
    Каза тапкандар: 15
  • Kyrgyzstan 1,817
    Kyrgyzstan
    Жуктургандар: 1,817
    Ооруп жаткандар: 620
    Айыккандар: 1,181
    Каза тапкандар: 16
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
КоронаLIVE
Close
Close